Бардин Иван Павлович

Википедия дан

Бардин Иван Павлович (13. 11. 1883-7. 1. 1960) - советтик металлург, СССР И Анын акад. (1932),. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945).

Киев политех, институтун бүтүргөн (1910). 1910-11-ж. АКШ заводдорунда, кийин Россиянын түштүгүндөгү металлургия заводдорун-, да жумушчу. 1929-36-ж. Кузнецк металлургия комбинатынын курулушунун жетекчилеринин бири, 1937-ж. кара металлургия тармагына жетекчи.

СССР ИАнын Металлургия институтунун (1939) жана Борбордук кара металлургия илимий изилдөө институтунун (1944) директору. 1960-ж. бул институт Бардиндин ысмына коюлган. 1942-ж. СССР ИАнын вице-президенти. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941-45) СССРдин чыгыш райондорунун ресурстарын өлкөнүн коргоо талабына мобилизациялоого жетекчилик кылган. СССР Жогорку Советинин 1-5-шайл. депутаты, СССР Мамлекеттик (1942, 1949), Лениндик (1958) сыйл. лауреаты, 7 Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.