Барездин Юрий Дмитриевич

Википедия дан

Барездин Юрий Дмитриевич (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы 1963, Фрунзе) археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952-62). 1952-ж. Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүгүргөн. 1952-56-ж. Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тарых интунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Б. з. 1-5-кылымына таандык Карабулак (Баткен району) ж. б. көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттер, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табылган, ошондой эле Баткен аймагынын Акдөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Карабейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Карабулак бейити» (1954), «Карабулак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) ж. б. эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4