Бариста

Википедия дан
Бариста жумуш үстүндө

Баристакофе жасоочу адис. Италия сөзүнөн которгондо "barista" – "бармен, барда иштеген адам" дегенди билдирет. Башкача айтсак, бариста бармендин милдетин аткарган адам, бирок ал алкоголь, коктейлдердин ордуна кофе жана кофеден жасалган ичимдиктерди жасайт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул кесип эспрессонун мекени Италияда жаралган. Өткөн кылымдын 80-жылдарында белгилүү "Starbucks" кофейня тармагынын кожоюну Говард Шульц бул кесипти АКШга жайылткан. Ал Италияга барган сапарында жергиликтүү баристалардын жумушуна арбалып, аларды видео жана сүрөткө тартып алган. Кийинчерээк өз мекениндеги кофе ичүүчү жайларына бариста кесибин жайылткан.

Кесиптин өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө бариста бармендин да, кофе жасоо жумушун да аркалайт. Ал эми Италияда бариста официант, керек болсо идиштерди да өздөрү жууйт. Батыш өлкөлөрүндө эзелтеден эле кофе жасоо милдетин эркектер аткарат деген түшүнүк бар, ошондой эле бул кесип кирешелүү жана ардактуу болуп саналат. Европа жана АКШда баристалар орточо 30-35 жашта, бул тажрыйба топтоо менен мыкты кофе жасоо болот деген маңызды карманганында. Бариста Кыргызстанда жаңы кесиптердин катарында болгондуктан, кофе жасоочу адистердин көпчүлүгү жаштар.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чыныгы бариста 40тай кофе түрүн жана кофеден жасалган ичимдиктерди жасай билүүсү керек.
  • 1999-жылы Томас Полти 1 сааттын ичинде эки кофе жасоочу машинада 680 кружка кофе жасап, рекорд койгон.
  • Дүйнөнүн мыкты баристаларын чогулткан чемпиондук – "World Barista Championship" жыл сайын өткөрүлүп турат.
  • "Starbucks" компаниясы бир убакта 1700 кофейнясын жаап, өз баристаларына мыкты эспрессону 19 секундада жасоону үйрөткөн.
  • Учурда дүйнө жүзүндө баристага окутуучу атайын окуу жайлар ачылган. Алардын Европадагы эң белгилүүсү Лондон жана Берлин кофе мектептери, АКШда "Best" кофе мектеби саналат.

Конкурс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий бариста мелдештери Норвегияда пайда болгон[1] жана алардын бири жыл сайын түрдүү эл аралык жерлерде өткөрүлүүчү Дүйнөлүк Бариста чемпионаты. Баристалар дүйнө жүзү боюнча таймашышат, бирок алар WBCке кирүү укугуна ээ болуу үчүн алгач өз өлкөсүндө өткөрүлүүчү мелдешке чыгышы керек.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Wendelboe, Tim (May 1, 2005) The Future of the World Barista Championship. Archived 2012-11-20 at the Wayback Machine "CoffeeGeek.com" Retrieved on 2006-oct-25