Барскоон ашуусу

Википедия дан

Барскоон ашуусуТескей Ала-Тоонун борбору бөлүгүндө. Барскон суусу менен Арабел ойдуңунун башында деңиз деңгээли 3756 м бийиктикте жайгашкан. Байыркы өрөөн тибиндеги мөңгүлөр каледондун гранит тектерин жеп,алардын үбөлөнүүсүнөн пайда болгон. Айланасында 4386-4512 м бийиктиктеги чокулар,мөңгүлөр бар. Түндүк капталы тик жана кыска,түшүк капталы жапыз жана айдөөш, акырындык мене сыртка өтөт. Республика үчүн ашуунун чарбачылыкта мааниси чоң. Ички Теңир-Тоонун сырттарын Ысык-Көл өрөөнү менен байланыштырат.Ашуу илгертен эле эл аралык жол катнашы болгон. Азыр ал аркылуу Кумтөр алтын кенине барчу авто жолу өтөт, жогорку вольттуу электр линиясы курулган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]