Басктар Өлкөсү

Басктар Өлкөсү, Баскония
босн. Euskadi
исп. País Vasco Euskadi
Автономдуу коомдор
баск Euskal Autonomia Erkidegoa
исп. Comunidad Autónoma del País Vasco
Басктар Өлкөсүнүн желеги
Flag
Басктар Өлкөсүнүн герби
Coat of arms
Anthem: Eusko Abendaren Ereserkia
Түндүк Испаниядагы Басктар Өлкөсүнүн жайгашуусу.
Түндүк Испаниядагы Басктар Өлкөсүнүн жайгашуусу.
Coordinates: 42°50′ с. ш. 2°41′ з. д.HGЯO
Мамлекет Испания Испания
Борбору Витория-Гастеиз
Провинциялар Калып:Comma separated entries
Government
 • Type Автономдуу өкмөт конституциялык монархия багытында
 • Body Басктар Өкмөтү
 • Lehendakari Iñigo Urkullu (EAJ/PNV)
Area
 • Total 7 234 km2 (2 793 sq mi)
Area rank 14-чү (Испаниянын 1.4%)
Population (2008)
 • Total 2 155 546
 • Орун 7-чи (Испаниянын 4,9%)
Demonym Басктар
euskaldun
vasco (m), vasca (f)
Аймак коду +34 94-
ISO 3166 code ES-PV
Statute of Autonomy 25 October 1979
Official languages Баскча
Испанча
Парламент 75 депутат
a.   Also Euskal Herria, according to the Basque Statute of Autonomy .
b.   Also Euskal Herriko Autonomia Erkidegoa, according to the Basque Statute of Autonomy.

Баскония (баск. Euskadi (Эушка́ди) или Euskal Herria (Эушка́ль Э́рриа), спанча. País Vasco (Паис Баско)), Эушкади, Баско́нияСпанианын түндүгүндөгү тарыхый аймак.

Басктар жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Францияда жашаган эл. Испанияда 600 миңден 1800 миңге, Францияда 90 миңден 150 миңге чейин (2000), ошондой эле эмигрант Б. Аргентина, Бразилия, Мексика, Венесуэла, Уругвай жана АКШда жашашат. Баск, француз жана испан тилдеринде сүйлөшөт, католик динин тутушат. Басктар.Пиреней жаңы аймагында жашаган байыркы элдерден. Басктардын ата-бабалары васкон, вардул, каристи ж. б. уруулар. Басктардын көпчүлүгү арабдардын үстөмдүгүнүн мезгилинде көзкаранды эместигин сактап калган. Алар жашаган аймактын түндүгү Францияга (16-кылым), түштүгү Кастилия мамлекетинин (15-кылымдын аягы 16-кылымдын башы) курамына кошулуп, узак убакыт бою улуттук райондорду борборлоштуруу жана күч менен испандаштыруу саясаты жүргүзүлгөн. Басктар баскынчыларга каршы тынымсыз күрөшүп, өздөрүнүн үрп-адатын, салтын, тилин, маданиятын сактап калган. 1931-39-ж. Испан революциясы улуттук кыймылдын жаңы жогорулашына алып келген. 1936-ж. автономиялык район түзүлүп, ал Баск өлкөсү деп аталган, бирок Франконун фашисттик аскерлери басып алгандан кийин (1937-ж. июнь) автономиясы жоюлган. 1940-50-ж. калктын 20-25% гана эне тилинде сүйлөшсө, 1970-ж. эне тилинде мектептер ачылып, андан ары маданий өнүгүүгө багыт алышкан. 1980-ж. Басктар өлкөсү, кийин Наварра автономиялык статуска ээ болушту. Басктар негизинен мал чарбачылык, жүзүм өстүрүүчүлүк менен кесип кылышып, таштан салынган эки же үч кабаттуу, балкондуу үйлөрдө жашашат. Аялдар алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды, кыска кара куртка, көгүлтүр көйнөк кийип, көкүрөгүнө дайыма алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды, шуру, мончокторду, башына жибек бант тагынышкан. Кыздары кенен жеңдүү ак көйнөктүн сыртынан корсаж кийишкен. Эркектери багалеги тизесине чейин жеткен кыска кара шым, күмүш топчулуу куртка жана жилет, көйнөк, чапела (берет баш кийим) кийишип, кур тагынышкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары жана жашылча-жемиштер.