Батыш Каракол өрөөнү
Батыш Каракол өрөөнү - Ички Теңир-Тоодо. Суусамыр өрөөнүнүн чыгышында, Кыргыз Ала-Тоосу менен Кара-Мойнок, Жумгал, Киндик тоолорунун аралыгында жайгашкан. Батышында Көк-Кыя кырка тоосу Ийри-Суу өрөөнүнөн бөлүп турат. Узундугу 60 км, туурасы 2-3 км. Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктикте 2100-3000 м. Суусамырга караганда алда канча кууш, капталдары тик. Чыгышты көздөй өрөөн өтө кууштап, Кара-Мойнок тоосу эки айрыкка Караколдун төрүнө жана Батыш Сөөккө бөлөт. Төмөнкү бөлүгү түштүк-батышка карай созулуп жатат. Өрөөн аркылуу Батыш Каракол суусу агып, Суусамырга куят. Климаты континенттик. Кышы суук жана узак, январдын орточо температурасы -21°С, июлдуку 1314°С. Жылдык жаан-чачыны 350-500 мм. Өрөөндүн жана Жоо жүрөктүн жапыз бөлүктөрүнө бетеге-шыбактуу кургак талаа, 2200-2700 м бийиктикке бетеге тулаңдуу, түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу талаа, Кыргыз Ала-Тоосунун нымдуураак (500 мм ге чейин) жогорку капталдарына кылкандуу түркүн чөптүү субальп, бетеге, өлөң чөптүү, доңузсырттуу шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Тектирлерде карабүргөн, шыбак, бетеге, буудайык ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Суу боюнда өлөң чөптүү шибер, тал-теректүү токой кезигет. Суусамыр менен батыш Каракол өрөөну кошулган жерде мурда чытырман токой болгон. Аёосуз кыюунун натыйжасында токой суюлуп кеткен; азыр тал, кайың, ыргай, ит мурун, шилби, аса-муса, чычырканак ж. б. кезигет. Жайлоо; түз жерлери айдалып эгин, тоют өсүмдүктөрү эгилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4