Кара-Мойнок тоосу

Википедия дан

Кара-Мойнок тоосуИчки Теңир-Тоодогу Жумгал кырка тоосунун бир тармагы. Түштүгүнөн Батыш жана Чыгыш Сөөк суулары, түндүгүнөн Каракол өрөөнү чектейт. Чыгышында Кочкор, батышында Суусамыр тектоникалык өрөөндөрү жатат. Узундугу 64 км, эң жазы жери 16 км, Орточо бийиктиги 3850 м, эң бийик чокусу 4281 м (Кара-Мойнок). Негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, порфир, сланец жана гранит-диорит тоо тектеринен турат. Түндүк капталында алгачкы плейстоцендин мореналары бар. Батышы жапыз, Түндүк капталы тик. Мында тектоникалык жарака аркылуу неогендин чополуу тектери бийик көтөрүлгөн. Неотектон. тиби – мегантиклиналь. Торпу менен Сөөктүн сол куймаларынын жана Каракол суусунун башы мөңгүлүү. Шалбаалуу талаа (2500– 2800 м), субальп жана альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (2800–3800 м), нивалдык (3800– 4200 м) ландшафт зоналары мүнөздүү. Терең өрөөндөрдүн айрым жеринде (3000 мден төмөн) майда бадалдар өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]