Бахрейндин административдик-аймактык түзүлүшү
Көрүнүш
Бахрейн административдик-аймактык жактан 4 мухафазага бөлүнөт (ар. محافظة «мухафаза» (ж.с.), محافظات «мухафазат» (к.с.))[1].
Мухафазалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Карта | Мухафаза | Административдик борбору | Аянты,
км² (2014)[2] |
Калкы, адам.
(2014)[3] |
Калктын жаштыгы,
адам/км² | |
|---|---|---|---|---|---|---|
| Мухаррак | Мухаррак | 64,8 | 221 009 | 3 411 | ||
| Түндүк мухафаза | Саар | 145,5 | 316 280 | 2 174 | ||
| Борбордук мухафаза | Манама | 75,4 | 516 717 | 6 853 | ||
| Түштүк мухафаза | Эр-Рифа | 485,0 | 260 556 | 537 | ||
| Жалпы | 770,9 | 1 314 562 | 1 705 | |||
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бахрейиндин биринчи Манама муниципалитети 1959-жылы июлда түзүлгөн[4]. 1960-жылы Бахрейн 4 муниципалитеттен турган: Манама, Эль-Хадд, Мухаррак жана Эр-Рифа[5]. Кийинки 30 жылдын ичинде муниципалитеттердин саны 12 чейин көбөйтүлгөн[5]. Төмөндө 2002-жылга чейин болгон муниципалитеттер көрсөтүлгөн.
2002-жылы 3-июлда Бахрейндин аймагы жаңы түзүлгөн беш мухафазанын арасында бөлүнгөн[6].
| Карта | 2002-2010 жылдардагы мухафазалар[6] |
|---|---|
| 1. Борбордук мухафаза | |
| 2. Ортолук мухафаза | |
| 3. Мухаррак | |
| 4. Түндүк мухафаза | |
| 5. Түштүк мухафаза |
2014-жылдын сентябрында Ортолук мухафазасы жоюлуп, анын аймагы Түндүк, Түштүк жана Борбордук мухафазаларынын ортосунда бөлүнгөн[7].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Большая российская энциклопедия 2004–2017. Бахрейн
- ↑ Bahrain in figures 2014
- ↑ Bahrain. Governorates
- ↑ Ministry of Municipalities Affairs and Urban Planning – Kingdom of Bahrain. History of Municipalities
- 1 2 Governorates of Bahrain
- 1 2 Decree-law № (17) for 2002. Текшерилген күнү 3 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 8 -январь (үчтүн айы) 2013.
- ↑ Central Governorate dissolved
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Мухафазалар | Мухаррак мухафазасы • Түндүк мухафаза • Борбордук мухафаза • Түштүк мухафаза | |
|---|---|---|
| Борбор шаар | Манама | |
