Мухаррак мухафазасы (Бахрейн)
| ||
Өлкө | ||
---|---|---|
Статусу | ||
Административдик борбор |
Мухаррак | |
Губернатор |
Салман ибн Иса ибн Хинди | |
Расмий тили | ||
Калкы |
189 114 | |
Аянты |
64,8 км² | |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити |
| |
Тууралыгы |
8 км | |
Узундук |
17 км | |
Убакыт аралыгы | ||
Коду ISO 3166-2 |
BH-15 | |
Телефон коду | 973 | |
Интернет-домени | ||
Расмий сайты | ||
Мухаррак мухафазасы Уикиказынада | ||
Мухаррак (ар. محافظة المحرق) — Бахрейндин төрт мухафазасынын бири[1].
Учурда Мухаррак шаардык муниципалитетинин[2], Мухаррак аралын жана бир нече майда аралдарды, ошондой эле жасалма Амваж архипелагын өз курамына камтыйт. Мухафазага аралдын түштүк четинде жайгашкан мурдагы Хадд муниципалитети дагы кошулган.
Мухаррактын борборунда азыркы учурда чет элдик жумушчулар тарабынан ижарага алган падышалыктын эң эски имараттары жайгашкан. Көптөгөн имараттар тарыхый мааниге ээ, алардын ичинде Шейх Иса бин Алинин үйү, Сиад үйү, багдирлер, журналист Абдулла Аль-Заиддин үйү, ошондой эле Арад чеби (форт)[3].
Мухафазанын администрациясы тарыхый жактан мааниге ээ объектерди калыбына келтирүүгө каражат жетишсиз бөлүүдө деп айыпталууда. Өкмөт тарыхый маанидеги эстеликтерди калыбына келтирүүгө 5 млн бахрейн динарын бөлгөн[4].
Мухаррак аралында Бахрейндин эл аралык аба майданы жайгашкан[5]. Асала партиясынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары аба майданды мухафазанын сыртына жылдырууну талап кылышууда, анткени учактардын ызы-чуусу жергиликтүү тургундарга тоскоол болууда.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Большая российская энциклопедия 2004–2017. Бахрейн
- ↑ The History of Municipality
- ↑ Muharraq Governorate
- ↑ Although Muharraq has a lot to offer to tourists, how can we attract them if most of our traditional sites are in crowded areas?
- ↑ A-Z World Airports Online — Bahrain airports — Bahrain International Airport (BAH/OBBI)
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бахрейндин административдик-аймактык түзүлүшү | ||
---|---|---|
Мухафазалар | Мухаррак мухафазасы • Түндүк мухафаза • Борбордук мухафаза • Түштүк мухафаза | |
Борбор шаар | Манама |