Бахрушин Сергей Владимирович

Википедия дан

Бахрушин Сергей Владимирович (1882-1950) - советтик тарыхчы, СССР ИАга мүчө-корр. (1939), РСФСР педагогика ИАнын анык мүчөсү (1945), Москва университетин бүтүргөн (1904).

Ошол университеттин приват-доценти. (1909), профессор (1927). 1937-жылдан СССР ИАнын Тарых институтунда иштеген. 16-17-к. Россиянын экон. тарыхын, тап күрөшүн, чет жакаларынын тарыхын, ички саясатын. изилдеген. "Москванын тарыхы" (1-2-т., 1952, 1953), "Дипломатиянын тарыхы" (1941; бул эмгеги СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон, 1942) деген көп томдуу китептердин редактору жана авторлорунун бири.

Орто Азия менен Закавказьенин, Сибирдин, Ыраакы Чыгыштын элдеринин тарыхы боюнча бир нече эмгек жазган. Алардын ичинде "17-кылымдагы Енисей кыргыздары" деген китеби бар. Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептеринин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.