Башкелте

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Башкелте - адамдын катуу кармоочу жугуштуу оорусу. Аны риккетсиялар козгойт. Көбүнчө согуш, ачарчылык, жакырчылык, миграция ж. б. социалдык катастрофа учурунда санитариялык абалы начар жерлерде көп таралат. Аны оорулуу адамдан соо адамга бит жугузат. Адамдын бул ооруга каршы тубаса иммунитети жок. Оорулуунун канын соргон бит 5—7 күндөн кийин жугуштуу болуп калат. Бул убакта риккетсия биттин ичегисинде көбөйөт. Соо адамдын канын соргондо биттин ичегисиндеги риккетсиялар заңы менен сыртка чыгат. Киши кычышкан жерин тырмаганда теринин тытылган жерине түшкөн риккетсиялар канга өтүп, ооруну жугузат. Козгогуч организмге киргенден 10-14 күндөн жашыруун инкубациялык мезгилинен кийин оорунун белгилери байкалат. Оору катуу кармайт. Дене температурасы тез көтөрүлүп, 39—41°ка жетет. Баш абдан катуу, чыдатпай ооруйт. Ооз кургап, эрин кеберсийт, кээде жарылып кетет. Оорулуунун бети, моюну шишимек тартып, көкүрөгү жана көздөрү кызарат. Бут булчуңдары ооругандыктан, бүт дене сыздайт. Тамыр тез-тез кагып, кан басымы бир аз төмөндөйт, аба жетпей, дем кыстыгат, көк боор чоңоюп кетет. Оору башталгандан 4—5 күн өткөндө денеге кызамыкка окшогон, майда кызыл ар түрдүү тактар чыгат, көкүрөктө, андан кийин бүт денеде пайда болот. Оорулуунун абалы начарлап, эсинен танып, жөөлүйт, баш оорусу күчөйт, психикасы өзгөрөт. Оору 4—5 жумага созулат, оорулуу сакая баштаганда температурасы 2-3 күндүн ичинде төмөндөйт. Дарылоодо антибиотиктер колдонулат. Ооруну алдыналууда битке каршы чаралар жүргүзүлүп, оорулуу менен жолуккан кишилер 25 күнгө чейин текшерилет. Башкелте менен ооруган же ага күнөм саналган, адамды сөзсүз түрдө, дароо башкелтеге каршы вакцина менен эмдөө жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4