Баш травмасы
Баш травмасы — баш сөөгү жана анын ичиндеги мээ менен кабыкчаларынын түрдүү кырсыктардан жабыркашы.
Классификациялоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Баш териси жана сөөгү бүтүн болсо жабык, ал эми териси айрылып, сөөгү сынса ачық баш травмасы деп аталат. Ачык баш травмасы анда мээ жана мээ кабыгына микробдор кирип, инфекциялық кабылдоолорго (энцефалит, абсцесс, менингит) алып келиши мүмкүн. Травмага учураганда баш сөөк жарылып, тешилип же басылып сынышы, ошондой эле баш сөөктүн негизи (асты) сынышы байкалат. Баш сөөктүн негизи сынганда кулак менен мурундан кан же жүлүн суусу агып, көз тегерегине кан уюйт. Көп учурларда баштын жабык жана ачык травмасында мээнин үч түрдүү жабыркашы (чайкалышы, урунуусу же кысылышы) кездешет.
Мээнин чайқалышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мээнин чайкалышы көбүнчө туюк травмада болот. Анда бардык мээ жапа чегет; мээ клеткалары менен анын ар кайсы бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы байланыш убактылуу бузулат. Жапа чеккен киши мээнин чайкалышынын оордугуна жараша бир аз убакыттан бир нече саатка чейин эсин жоготот. Эсине келгенде башы ооруйт, окшуйт, кээде кусат, өңү бозоруп же кызарат, алсырайт, кан тамырдын тез согушу байкалат. Эгер тийиштүү режимди 1—2 жума кылдат сактабаса, оорулуунун көпкө чейин башы ооруйт, алсырайт, жумушка жөндөмдүүлүгү начарлайт.
Мээнин урунуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мээ урулууда анын оордугуна жараша мээде кандын уюп калышы, мээнин шишиши, үзүлүшү же жанчылышы мүмкүн. Мындай абал айрыкча ачык травмада баш сөөк сынганда болот. Мээ урулганда киши бир нече сааттан бир нече күнгө же жумага чейин эстен танышы ыктымал. Мындай учурда кыймылдын (шал болуу), аң сезимдин, сүйлөөнүн бузулушу байкалат, оор учурда дем алуу менен жүрөктүн иштеши бузулат. Мээнин урулушунун жеңил түрүндө бул өзгөрүүлөр көп учурларда 2—3 жумада тарап кетет, ал эми оор түрүндө шал болуу жана аң-сезимдин, сүйлөөнүн бузулушу көпкө сакталат.
Мээнин кысылышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мээнин кысылышы баш сөөк ичиндеги кан тамырлар үзүлүп кан агып калса, сынган баш сөөк мээни басып калганда болот. Бул учурда киши мээ чайкалгандай эле эстен танат. Бузулган кан тамырдын көлөмүнө, сынган сөөктүн мээге батып калганына жараша, бир нече саат же күн өткөндөн кийин кокустукка учураган кишинин баш оорусу күчөйт, тынчы кетет же тескерисинче уйку басат. Кыймылы, аң-сезими, сүйлөшү бузулат. Акырындап эсинен танат, жүрөк иши жана дем алуу начарлайт. Баш травмасын дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Мээнин кысылышында, кан уюп калганда тезинен операция жасалат. Мээнин чайкалышы жана урулушунда оорулуу төшөккө жатуусу зарыл. Дарылоо консервативдик методдор менен жүргүзүлөт.
Баш травмасына биринчи жардам
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Баш травмасында кокустукка учураган кишини замбилге жаткырып, тезинен ооруканага жеткирүү керек. Жараатты таңып, кулак-мурундан аккан канды кебез тыгып токтотуп, жүрөк токтоп калса массаж жасап, оозуна же мурдуна менен үйлөп жасалма дем алдыруу менен биринчи жардам көрсөтүү керек. Алдын алууда жалпы чаралар менен бирге, коопсуздук техникасын, көчөдө жүрүү эрежелерин сактоо зарыл.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолуқ» Медициналық энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8