Баш сөөк

Википедия дан
Жаны
алды

Баш сөөк (лат. cranium) — баштын скелети. Ал бири-бири менен тыгыз жиктелип бириккен 23 сөөктөн турат. Баш сөөк мээ жана бет бөлүгүнө ажыратылат

Баш сөөктүн бөлүмдөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мээ бөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мээ бөлүгүнүн сөөктөрү бири-бири менен тыгыз биригип мээ көңдөйүн түзөт. Бул көңдөйдө мээ, ички угуу жана тең салмакты сактоочу органдар жайгашкан. Ал маңдай, төбө, желке, чыкый, кыйык, калбыр сөөктөрүнөн турат. Бул сөөктөрдө көп тешиктер бар. Алар аркылуу көрүү, жыт сезүү, үч ача, бет, угуу, адашкан нервдер жана артерия, вена кан тамырлары өтөт. Чыкый сөөгүнүн ичинде угуу органдары жайгашкан. Негизги сөөктүн үстүндөгү ээр сымал чуңкурда мээнин алдыңкы калдыгы болгон гипофиз бези жайгашкан. Арттагы желке сөөгүнүн чоң тешиги аркылуу сүйрү мээ жүлүнгө өтөт.

Бет бөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баш сөөкгүнүн бет бөлүгүнө маңдай, үстүңкү жана астыңкы жаак, мурун жана чыкчыт сөөктөрү кирет. Алар бири - бири менен туташып, көз чарасы, жогорку дем алуу жолу менен тамак сиңирүүчү органдардын башталышы жайгашкан атайын көңдөйлөрдү пайда кылат. Үстүңкү жаак адамдын көз чарасын, мурун жана ооз көңдөйүн түзүүгө катышат.

Үстүңкү жаактын ичинде жаак көңдөйү бар. Ал көңдөйдүн негизги милдети — дем алган абаны жылытуу жана нымдоо Үстүңкү жаактын тиш кырында кырка тизилип үстүңкү тиштер жайгашкан. Ал эми астыңкы жаак иймек келип, баш сөөктөрү менен кулак алдындагы жаак — чыкый мууну аркылуу туташат. Адамдын башы желке сөөгү аркылуу биринчи моюн омурткасы (атлант) менен туташат. Бул муундун жардамы менен баш оңго, солго, өйдө жана ылдый карай кыймылга келет.

Жаңы төрөлгөн баланын баш сөөкгү олчому канча болушу керек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаңы төрөлгөн баланын баш сөөктөрүнүн арасында жука кабыктан турган эмгеги бар (к. Эмчектеги бала). Баш сөөктүн мээ көндөйүн түзүүчү сөөктөр ички жана сырткы эки катмардан турат. Бул эки катмардын ортосунда кемик сыяктуу жумшак сөөктөр болот.

Мээни каптаган сөөктөрдүн ичи бүт бойдон катуу мээ кабыгы менен капталган. Бул кабыктын айрым жерлери баш сөөктөрүнө тыгыз бекип, эки катка ажырайт да, кабыктын көңдөйлөрүн түзөт. Бул көңдөйлөр аркылуу мээден вена каны агып чыгат. Мээ кабыгы баш сөөккө бекиген жерлерде көп майда тешиктер болот. Бул тешиктер аркылуу баштын сырткы жумшак ткандарынан жана терисинен кан чогултуучу кан тамырлар мээ кабыгынын көңдөйлөрү менен катышып турат.

Баш урунганда аталган сөөктөрдө жарака кетиши мүмкүн. Бул учурда баштын ичине кан толуп, мурун, кулактан кан агат. Ошондой эле жогоруда аталган нервдердин кызматы бузулат.

Адамдын баш сөөк сырткы түзүлүшү боюнча өтө эле ар түрдүү (сүйрү, тоголок, жалпак жана узун) болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8 Череп человека Баш сөөк