Бегимай Бекбоева
| Туулган датасы | |
|---|---|
| Туулган жери | |
| Өлгөн датасы |
17 -январь 2023 (32 жаш) |
| Өлгөн жери | |
| Өлкө | |
| Кесиптери | |
| Активдүү жылдары | |
| Кызматташтык | |
| Автографы |
[[Файл:|150px]] |
Бегимай Бекбоева (1990-2023) — Кыргызстандык ырчы жана актриса.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарында төрөлгөн. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, аткаруучу, актёр. Апасы Жаңыл Кудайбергенова актриса, куудул.Бегимай алгач сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан.
Ырчы бир нече тасмаларга тартылган. Ал алгач ирет актёрлукка болгон тушоосун "Кылмыш" тасмасында кескен. Анда Бегимай Бекбоева тоскоолдуктарды кыйналбай жеңип, ролун мыкты жаратууга жетишкен. Кийинчирээк Айбек Карымов режиссёрлук кылган "Эгиз тагдыр" тасмасында терс каарман Айкыздын ролун аткарган.
2017-жылы ырчы жеке турмушунда боло турган өзгөрүүнү жар салып, турмуш кураарын айткан. 2019-жылы дарыгерлер ырчынын баш мээсинде шишик бар экенин аныкташкан. Ошол эле жылы Улуттук онкология жана гематология борборунда башына операция жасалып, шишикти алып салышкан. 2019-жылы май айында Бегимай Бекбоева турмуш жолуна узаган. Жолдошу Баткен облусунун Лейлек районунан. 2020-жылдын 22-март күнү туң наристесин жыттап, эне болуу бактысын сезген.
2023-жылы 17-январда ырчы 32 жаш курагында оорудан улам көз жумган. Өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болгон. Бул тууралуу анын кесиптеши Дайыр Исмадияров социалдык тармактагы баракчасына билдирген[1]
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кылмыш —
- Эгиз тагдыр — Айкыз
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Скончалась певица и актриса Бегимай Бекбоева. Вечерний Бишкек/Кечки Бишкек (17 -январь (үчтүн айы) 2023). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2025.
