Бедел мөңгүсү

Википедия дан

Бедел мөңгүсуКакшаал тоо тизмегинин түндүк капталында. Узундугу 4,3 км, аянты 5,0 км2. Ак-Шыйрак суусунун (Сарыжаздын алабы) жогорку агымы Бозжалпактын алабында жайгашкан. Өрөөндүн оң капталындагы бөлүгү эрип кеткендиктен Б. м. өрөөн тибиндеги мөңгүдөн жантайма тибиндеги мөңгүгө айланган. Башы деңиз деңгээлинен 4878 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн Бедел суусу башталып, Боз-жалпакка (Акшыйрактын алабы) оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]