Бежар Морис

Wikipedia дан

Бежар Морис - (чыныгы аты-жөнү Морис Жан Берже) (1. 1. 1927-ж. туулган, Марсель) француз балет артисти, хореограф, режиссёр, педагог. Франциядагы көркөм искусство академиясынын мүчөсү (1994). Философ Г. Берженин (1896-1960) уулу. 1941-жылдан классикалык бийди үйрөнгөн, Марсель операсында (1944), «Балле де Пари» (1947-49, Париж), Лондондо ж-а Стокгольмдо (1952) иштеген. Бежар Парижде өзү түзгөн «Балле романтик» (1953), «Балле де л’Этуаль» (195457) жана «Балле театр де Пари» (1967-60) группаларын жетектеген. Бежар Бартоктун музыкасына «Үчөө үчүн соната» (1957), П. Анринин музыкасына «Орфей» (1959) балеттерин алгачкылардан болуп койгон. Бежарды дүйнөгө тааныткан И. Ф. Стравинскийдин «Ыйык жаз» балети (1959) «Ла Монне» театры, «Уэстерн тиэтр балленин» катытуусу менен болгон. Анда Бежар бийдин ритуалдык, ырым-жырымдык мүнөзү, хореография жогорку даражага жеткен. 1960-87-ж. «20-кылымдын балети» (Брюссель), 1987-ж. швецария «Балле Бежар Лозанн» группаларын жетектейт. 1992жылдан группа «Бежар балле Лозанн» аталган. Бежар спектаклдеринде «Тогузунчу симфония» (Л. Ван Бетховен, 1964), «Биздин мезгилдегидей месса» (П. Анри, 1967), «Биздин Фауст» (И. С. Бах жана «Аргентина тангосу» (1975), «Король Лир алгачкы ырлары 1899-ж. «Киевское слово», «Звезда», «Правда» гезиттерине жарыяланган. 1909-10-ж. демократия багыттагы ырларды жазган. 1913-ж. анын «Тамсилдер» аттуу алгачкы жыйнагы чыккан. «Жер, эрк, жумушчу үлүшү туу сыяктуу музыкалык чыгармаларды пайдаланган. «Тереза эне жана дүйнө балдары» (2002), «Заратустра» (2002) тандалма музыкага жазылган. Бежар сүйүү жана өлүм темасына арналган «Ромео жана Жульетта» (музыкасы Г. Берлиоздуку, 1966), «Балким бул Ажал» (музыкасы Р. Штраустуку, 1970), «Мага сүйүү эмнени билдирди» (музыкасы Г. Малердики, 1974) ж. б. балеттерин койгон. Бежар бийдин лексикасынын жанданышына чоң таасир берген, хореографияны өркүндөтүүдө татаал муктаждыктарды чече билген. «Мудра» (1970-87, Брюссель) жана «Рудра Бежар Лозанн» (1992, Лозанна) мектеп-студиясынын түзүүчү жетекчиси болгон. Бежар бийдин лексикасынын жанданышына чоң таасир берип, хореографиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, анын татаал турмуштук проблемаларды чагылдыра аларын көрсөткөн. Н. Жылдызова.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4