Бейиш эненин таманында
Бейиш эненин таманында
| |
| Жанры | |
|---|---|
| Режиссёру | |
| Продюсери |
Түгөлбай Койчиев |
| Сценарийдин автору | |
| Башкы ролдордо |
Эмил Эсеналиев |
| Оператору |
Каныбек Калматов |
| Композитору |
Ырысбек Усманов |
| Кинокомпания |
«AVK`PRO» |
| Узактыгы |
140 мүнөт |
| Өлкө | |
| Тили | |
| Жылы | |
| Бет ачары | |
| IMDb | |
«Бейиш эненин таманында» — режиссёр Руслан Акундун көркөм тасмасы.
Сюжети
[түзөтүү | булагын түзөтүү]35 жаштагы Адил, психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө адам. Адил кичинекей айылда 75 жаштагы апасы Райхан апа менен жашайт. Райхан апа Адилге Алла Таала аны өзгөчө жакшы көрөрүн, ошондуктан түз эле бейишке кирерин айтып келет. Бирок Адил апасы жок бейишке баргысы келбейт. Күндөрдүн биринде дагы бир 8 жаштагы баладан апасын ажылык үчүн ыйык Меккеге жөө алып барса, апасы бейишке кире аларын үйрөнөт. Бул аңгеме эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү жөнүндө, ар улуттун өкүлдөрүнүн боорукердиги, ачык жүрөгү гана адамзатка бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берери жөнүндө[3].
Каармандарда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Эмил Эсеналиев — Адил
- Анаргүл Назаркулова — Райхан апа
Сыйлыктары жана наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
10-май, 2024 "III эл аралык туура багыттагы кино" фестивалынын гран-при ээси[4].
Кирешеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Бейиш эненин таманында» тасмасы (2024-ж) 21-24-март күндөрү төрт күндүн ичинде 1 миллион доллардан ашык киреше таап, Казакстандагы прокатта чет элдик фильмдерди артта калтырып, биринчи орунга чыккан[5]. Тактап айтканда, Руслан Акундун тасмасы «Кунг-фу Панда 4», «Дюна 2» жана «Ghostbusters» сыяктуу Голливуд жана Казакстан өндүрүшүндөгү тасмаларды киреше боюнча артта калтырган[6].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ «Пейіш. Жұмақ ананың табанының астында» фильмі жарыққа шығады (казак.). Qazaqstan.tv. Текшерилген күнү 20 -март (жалган куран) 2024.
- ↑ В Берлине состоялся показ фильма «Рай под ногами матерей» (орусча). Kabar.kg. Текшерилген күнү 29 Апрель 2024.
- ↑ "Бейиш эненин таманында" тасмасы Россияда кеңири прокатка чыгат. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 10 Апрель 2024.
- ↑ Фильм "Рай под ногами матерей" получил Гран-при Фестиваля правильного кино. ТАСС. Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2024.
- ↑ Aibarshyn Akhmetkali. Kyrgyz Cinema Days Open in Astana with Dazzling Mother-Son Pilgrimage Story (англ.). astanatimes.com. Текшерилген күнү 26 Апрель 2025.
- ↑ “Бейиш – эненин таманында” тасмасы Голливуддан да алдыга чыкты. kg.eurasiatoday.ru. Текшерилген күнү 26 Апрель 2025.
| Руслан Акундун тасмалары | |
|---|---|
| Толукметраждуу тасмалары | Бишкек, мен сени сүйөм (2011)• Салам, Нью-Йорк (2013) • Сүйүктүүмдүн каарманы (2014) • Апамды издеп (2017) • Көк-бөрү (2018) • Апамды издеп 2 (2019) • Салам, Европа (2020) • Эки баатыр (2021) • Бейиш эненин таманында (2024) |
| Кыскаметраждуу тасмалары | Рахмат (2010) • Мал айдоо (2014) |
| Документалдуу тасмалары | Мен ушундай сулуумун, кантип эле өлүп калам (2009) • Кайгырбоо (2009) |
