Руслан Акун
![]() Руслан Акун
| |
![]() Руслан Акун Сеулдагы эл аралык драма сыйлыгында | |
Туулган датасы: |
30 -ноябрь 1984 (39 жаш) |
---|---|
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
2009 — азыркы учур |
IMDb: |
Руслан Акун (30-ноябрь 1984, Фрунзе, Кыргыз ССР) — кыргызстандык кинорежиссёр, сценарист, продюсер.
Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Руслан Акун 1984-жылы 30-ноябрьда Фрунзе шаарында туулган. Киного болгон кызыгуусу бала кезинен эле артып баштаган. Сегизинчи классынан сценарий жазып, кагазга сүрөт тартып анимация жазганга аракет кыла баштаган.
2002-жылы Нарын шаарындагы Макен Сыдыков атындагы орто мектебин бүтүргөн. Ишеналы Арабаев атындагы КМУга экономика факультетине тапшырган, бирок окуусун экинчи курсунда таштап салган. Кайрадан БААУга массалык байланыштар факультетине тапшырган.
2009-жылы жогорку окуусун бүтүргөн соң, Кинематографияны өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган кинематограф курстарын окуган. Ошол эле жылы алгачкы документалдуу тасмаларын тартып баштаган.
2011-жылы Руслан «Бишкек, мен сени сүйөм» тасмасын тарткан.
2012-жылы АКШда жаңы тасма тартып жатканын билдирген. Кийинки 2013-жылдын башында «Салам, Нью-Йорк» аттуу романтикалык комедиясы жарыкка чыккан.
2014-жылы Түштүк Калифорния Университенинин алдындагы Киномектепке тапшырган. Ушул жылдын аягында Руслан Акундун «Сүйүктүүмдүн каарманы» тасмасы чыккан.
2017-жылы 9-февральда «Апамды издеп» көркөм тасмасынын бет ачаары болуп өткөн.
2018-жылы «Көк-бөрү» тасмасы тартылган.
Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Толукметраждуу тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- 2011 — Бишкек, мен сени сүйөм
- 2013 — Салам, Нью-Йорк
- 2014 — Сүйүктүүмдүн каарманы
- 2017 — Апамды издеп
- 2018 — Көк-бөрү
- 2019 — Апамды издеп 2
- 2021 — Эки баатыр
Кыскаметраждуу тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Документалдуу тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Руслан Акундун тасмалары | |
---|---|
Толукметраждуу тасмалары | Бишкек, мен сени сүйөм (2011)• Салам, Нью-Йорк (2013) • Сүйүктүүмдүн каарманы (2014) • Апамды издеп (2017) • Көк-бөрү (2018) • Апамды издеп 2 (2019) • Салам, Европа (2020) • Эки баатыр (2021) |
Кыскаметраждуу тасмалары | Рахмат (2010) • Мал айдоо (2014) • |
Документалдуу тасмалары | Мен ушундай сулуумун, кантип эле өлүп калам (2009) • Кайгырбоо (2009) • |