Мазмунга өтүү

Бейшекеев Намасбек

Википедия дан
Бейшекеев Намасбек
[[File:
Проф. Намасбек Бейшекеев
Проф. Намасбек Бейшекеев
|200px]]
Туулган жылы:

1932-жыл 20-Бугу айы

Туулган жери:

Жетиген (Сын-Таш) айылы, Чүй областы

Каза болгон жылы:

2001 жыл(2001)

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Филология, Диалектология

Иштеген жери:

Бишкек Гуманитардык Университети, Ош мамлекеттик университети жана Улуттук илимдер академиясы (УИА))

Илимий даражасы:

филология илимдеринин кандидаты (1965)

Илимий наамы:

профессор (1965)

Альма-матер:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Илимий жетекчиси:

СССР ИА профессору, академик Батманов Игорь Алексеевич


БЕЙШЕКЕЕВ Намасбек (20. 05. 1932, Чүй обл., азыркы Ысык-Ата р-ну – 27. 01. 2001, Бишкек) – кыргыз тили жана адабияты багытындагы библиограф, диалектолог, педагог, филология илимдеринин кандидаты, профессор (1965), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2000).

Н. Бейшекеев кѳп жылдык илимий-педагогикалык ишмердиги мамлекет тарабынан бааланып, «Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси (1981),  «Эмгек ветераны» медалы (1985), Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлигинин «Ардак грамотасы» (1987), Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлигинин «Ардак грамоталары» (1989, 1990), «Манас-1000» медалы (1995) менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер» (2000) наамына ээ болгон.

ПРОФЕССОР НАМАСБЕК БЕЙШЕКЕЕВДИН ЭМГЕК ЖОЛУ

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1939–1947-жылдары Киров атындагы жергиликтүү жети жылдык мектебинде  билим алган соң, Фрунзедеги (Бишкектеги) педагогикалык окуу жайына тапшырган.  
  • 1950-жылы  Талас областтык билим берүү бөлүмүнө жолдомо алат да, азыркы Кара-Буура (мурунку Киров) районуна караштуу Кѳк-Сай айлындагы  жети жылдык мектебине мугалим болуп орношот.
  • 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бѳлүмүнѳ тапшырып, аны 1957-жылы артыкчылык диплому  менен аяктаган.
  • 1957–1958-ж. Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна  улук лаборанттык кызматка алынган.
  • 1957-жылы «Мургабдык кыргыздарынын  лексикалык ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча материалдар» деген аталыштагы макаласын академиянын бараандуу илимий журналына жарыялаган. Ал макала анын тил илимине (диалектологияга) жасаган биринчи кадамы, илимпоз болом деген алгачкы  далалаты эле.
  • 1958-жылы КР УИАнын Тил жана адабият институтунун директору, академик И. А. Батманов Н. Бейшекеевди кенже илимий кызматкерлик орунга которот.
  • 1961-жылы илимпоздорго эң керектүү болгон «Кыргыз тили боюнча адабияттардын библиографиялык кѳрсѳткүчү: 1929–1959» деген  эмгегин жарыкка  чыгарат. Бул эмгек азыркы учурда да актуалдуулугун жогото элек.
  • 1961-жылы  КР УИАнын аспирантура бөлүмүнө тапшырат.
  • 1962-жылы Г. Бакинова, Э. Абдылдаев менен авторлошуп жазган «Ѳзбекстандагы кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү ѳзгѳчѳлүктѳр»,  
  • 1964-жылы «Казакстандагы кыргыздардын тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрү»  деген эмгектери жарыкка чыгат.
  • 1965-жылы академик И. А. Батмановдун жетекчилиги астында «Кыргызстандан тышкаркы кыргыз говорлору» деген темада филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн  диссертациясын ийгиликтүү коргойт.
  • 1965-жылы Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлиги атайын жолдомо  менен  азыркы Ош мамлекеттик университетине (мурдагы Ош мамлекеттик  педагогикалык институтуна) иштѳѳгѳ жиберет.
  • 1966–1968-ж. ж. жогоруда аталган институтта кыргыз тили жана адабият кафедрасында адегенде улук окутуучу, андан кийин кафедранын башчысы болуп эмгектенет.  
  • 1970–1971-ж. ж. аталган окуу жайдын башталгыч билим берүү методикасы кафедрасынын башчысы,
  • 1972–1991-ж. ж. ошол эле жерде кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти,  кафедра башчысы, жаңыдан уюшулган Кыргыз жана ѳзбек тилдери факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, кыргыз тили кафедрасынын профессору кызмат орундарында иштейт. 27 жыл бою Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда эмгектенип, жогорку билимдүү кыргыз филологдорун даярдоого чоң салымын кошкон.
  • 1992–93-окуу жылында Бишкектеги Тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик институтунда (азыркы К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети) кыргыз тилинин практикалык курсу, кыргыз тили кафедраларында, профессорлук кызматта ѳмүрүнүн аягына чейин (2001-ж.) үзүрлүү  эмгектенди.

Илимий эмгектеринен:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1. Илим чѳйрѳсүндѳ авторитети чоң «Труды ИЯЛ АН Киргизской ССР» жана «Известия АН Киргизской ССР» журналдарына жарыялаган «Мургабдык кыргыздардын лексикалык ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча материалдар» (1957), «Мургабдык кыргыздардын тилиндеги фонетикалык ѳзгѳчѳлүктѳр» (1964) деген  макалаларында Тажикстандын Мургаб аймагындагы кыргыздардын тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу диалектологиялык жагдайдан мүнѳздѳмѳ берилген.  
  • 2. «Казакстандык кыргыздардын тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрү» (1964).
  • 3. «Ѳзбекстандагы кыргыздардын тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрү» (1962) деген Г. Бакинова, Э. Абдулдаев менен  чогуу жазган китептин  грамматика бѳлүмүн Н. Бейшекеев жазган.
  • 4. «Кыргыз тили. Библиографиялык кѳрсѳткүч 1960–1970-ж. ж». Бул китеп ушундай аталышта 1961-жылы чыккан «Кыргыз тили. Библиографиялык кѳрсѳткүч» деген эмгектин логикалык уландысы, т. а., кыргыз тили боюнча 1929-жылдан 1970-жылдар аралыгында чыккан эмгектердин библиографиялык кѳрсѳткүчү болуп эсептелет.
  • 5. Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы боюнча окуу-методикалык колдонмо (Ж. Мамытов менен авторлош). - Фрунзе, 1987.
  • 6. Азыркы кыргыз тили боюнча практикум (пунктуация). - Бишкек, 1995.
  • 7. Орусча-кыргызча сѳздүк. - Бишкек, 2004.
  • 8. Кыргызча-орусча сөздүк. - Бишкек, 2015.  
  • 9. Тандалмалар.- Бишкек, 2017.
  • 10. Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси жана пунктуациясы. - Бишкек, 2023-ж.


Мындан сырткары окумуштуу, илимпоз катары мыкты шакирттерди таптай алды. Мисал катары, филология илимдеринин доктору, профессор  Искендерова Суусар, белгилүү түрколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор К. Коңкобаев  сыяктуу шакирттерин айтсак болот.

Үй-бүлөдө агай сүйүктүү өмүрлүк жолдош болгон жана 4 кыз, 2 уулга сүйкүмдүү камкор ата, ошондой эле 22 неберенин  чоң атасы жана таятасы катары үлгү боло алды.

Өмүрлүк жолдошу Бейшекеева Апал Төлөнбаевна менен 33 жыл бирге өмүр сүрүштү.