Анри Беккерель

Википедия дан
Беккерель Антуан Анри‎»‎ барагынан багытталды)
Беккерель.

Антуан Анри Беккерель (15. 12. 1852, Париж 25. 08. 1908, Круасик) француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1889). Политехникалык мектепти бүткөн. Париж улуттук табият-тарых музейинин (1892) жана Политех. мектептин проф. (1895). Беккерель оптика, электрмагнетизм, фотохимия, электр химиясы жана метеорология илимдери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Түрдүү люминесценциялык заттардын кара кагаздан өтүп, фотопластинкага тийгизген таасирин изилдөөнүн натыйжасында, уран тузунун радиоактивдүү нурлануусун ачкан (1896). Бул нурланууну изилдөө М. Склодовская-Кюри менен П. Кюринин радиоактивдүүлүктү ачуусуна алып келген. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1903).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4