Сэмюэл Беккет

Википедия дан
Беккет Сэмюэл‎»‎ барагынан багытталды)
Сэмюэл Беккет (1977).

Беккет, Сэмюэл - (англ. Samuel Barclay Beckett; 1906-жыл 13-апрель Дублинге — 1989-жыл 22-декабрь Париж), Ирландия жана Франция жазуучусу. Дублинден Тринити-колледжди бүтүргөн (1927). Париж Жогорку мектебинде мугалим (1928-30). 1932-36-ж. Францияда жана Германияда саякатта болгон. 1938-жылдан Беккерель Парижде жашаган. 1929-ж. аңгеме, эссе, адабий сын макалалары жарыялана баштаган. Ал абсурд театрына «Годотту күтүүдө» (1953) пьесасы менен кирген. Пьесаларынын ичинен белгилүүлөрү: «Эндшпиль» (1989), «Крэпптин акыркы тасмасы» (2000), «Бактылуу күндөр» (1989). Б. «Уотт» (1953), «Моллой», «Мэлон өлөт», «Аты жок» (1994), «Кабанаак» (1999), «Керексиз тексттер» (2001) романдарынын, ошондой эле «Ырлар» (1968) жыйнагынын автору. Нобель сыйл. лауреаты (1969).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4