Бектурганов, Мамытаалы

Википедия дан

Бектурганов, Маамыталы - экономист.

1950-жылы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында туулган. 1970-1973-жылдары Ат-Башы районунун партсьезд атындагы колхоздо башкы экономист.1973-1975-жылдары Кыргыз Илимдер Академиясында аспирант, 1976-1977-жылдары Ат-Башы райондук партия комитетинде иснтруктор, 1977-1981-жылдары комсомолдун Ат-Башы райондук комитетинде 1-секретарь, 1981-1987-жылдары партиянын райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1987-1990-жылдары Ат-Башы райондук Элдик Контролдоо Комитетинин төрагасы, 1990-1991-жылдары Эл депутаттарынын Ат-Башы райондук Кеңешинин Аткаруу Комитетинин төрагасы, 1991-жылдын февраль айынан август айына чейин Коммунисттик партиянын иши токтотулганга чейин Кыргызстан компартиясынын Ат-Башы райкомунун 1-секретары болуп иштеген.

1992-2002-жылдары райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары, 2002-жылдан райондук мамлекеттик администрациясынында башкы адис.

Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу”.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов.У, Асаналиев.З, Атабаев.А “Нарын обласына 70 жыл.Энциклопедия”-,Бишкек, 2009