Беловежа макулдашуусу

Википедия дан

Беловежа макулдашуусу - 1991-ж. 8-декабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларуссия) Россия, Беларуссия жана Украина мамлекеттеринин башчылары (Б. Ельцин, (С. Шушкевич) Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган келишим. Беловежа макулдашуусу Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) эл аралык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугун белгилеген. 1991-ж. 18-21-августтарындагы коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин камакка алынуусу жана Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көз каранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы республикалар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин курамынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкөдөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кырдаалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Беловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместигин жана жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу керектигин белгилешкен. Ага жооп иретинде 1991-ж. 12-декабрда Ашгабад шаарында Орто Азия республикасынын президенттеринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстандан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажикстандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ниязов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өз ара союздаштык жөнүндөгү макулдашууга кол коюшуп, ошондой эле Беловежа макулдашуусунун шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы республикаларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы менен кайрылышкан. 1991-ж. 21-декабрда Алматы шаарында мурдагы СССРдин курамындагы 11 республикасынын (Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикистан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) негиз салышкан. 1991-ж. 25-декабрында СССРдин президенти М. С. Горбачев кызматынан кеткендигин жарыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4