Белчир арашан суусу

Википедия дан

Белчир арашан суусу -булак.

Дарычылыкка жарамдуу жылуу булак. Ат-Башы айылынан 60 км алыстыктагы түштүк-чыгышта, Ат-Башы кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээлинен 3300 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү элге илгертен эле белгилүү болгон.
Алгачкы илимий маалыматы 1920-жылы К.И. Аргентов берген.
Кийин А.П.Ромах (1954), Н.И.Катаева (1963-66) жана башка илимпоздор изилдеген. Суу девон мезгилинде пайда болгон акиташ тоо тек катмарларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан.
Эки кайнар булактан турат. Булактардын бироонүндебити 1,23 л. сек, температурасы 19 градус, экинчисиники - 1,2 л. сек, 19,5 градус. Суу аз минералдашкан (2,2-3,4 г-л) сууларга кирет. Сибирдеги Дарасун минералдуу суусу сыяктуу көмүр кычкыл газдуу (С02-0,44-1,3 г-л), гидрокарбонат-кальций-натрийлүү. Курамында бир аз йод, стронций, барий, калий, бериллий, литий, рубидий, радий бар.
Бул сууну ичүүгө жана ичеги карын ооруларын дарышоого колдонсо болот. Суусундук катары «Арашан» деген ат менен ботолкого куюлуп Нарында соодага чыгарылса, Ат-Башы айылындагы мурдагы Нан заводунун имаратына Кыргыз-Кытай биргелешкен ишканасы желим ботолкого «Хан-Теңири» деген ат менен куюп чыгарып, дарычьшык жана суусун үчүн сатып турат.