Бесим Аталай

Википедия дан
Бесим Аталай

Бесим Аталай (1882-1965) - түркиялык тилчи ж-а жазуучу.

Педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Конья педагогика окуу жайында мугалим, Трабзон, Анкара педагогика окуу жайларында директор болуп иштеген. 18 жыл түрк тили коомунун башкы комиссиясынын мүчөсү болгон. Ал орто кылымдардагы түрк жазуу эстеликтерин которуп, басмага даярдаган түрколог катары белгилүү. «Дивани-лугат-ат-түрк» (1939-43), «Эт тухфетүз-Зекийе фил - луугатит-түркийенин» эстелигин изилдеп, которуп жарыкка чыгарган. Түрк тилинин грамматикасы, синтаксиси өзгөчөлүктөрүн камтыган баалуу эмгектерин: «Түрк тилинин эрежелери» (1931), «Түрк тилиндеги мүчө жана уңгу боюнча бир тажрыйба» (1942), «Түрк тилинде сөз жасоо жолдору» (1946) ж. б. жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1