Бестселлер оюн консолдорунун тизмеси

Википедия дан

Видео оюн консолувидео оюн үчүн ылайыкташтырылган стандарттык эсептөөчү түзмөк. Ага маалымат чыгарып берүүчү (аутпут) катары монитор же сыналгы талап кылынат. Чөнтөк оюн башкаруучулар адатта маалымат алуучу (инпут) түзмөк катары колдонулат. Видео оюн консолдору мазмунду алып жүрүш үчүн хард диск, оптикалык диск жана эс тутум карталары сыяктуу бир же бир нече сактоо каражаттарын колдонушу мүмкүн. Алардын салмагы орто эсеп менен 1-4 килограммга чейин, көпчүлүк учурда чоң кутуга окшош болот. Алардын чакан көлөмү электр тогуна туташтыруу менен ар кандай жерде колдонууга өбөлгө түзөт. Адатта ар бир консол өзүнчө бир бизнес уюму тарабынан иштелип чыгат. Кандайдыр бир оюнга арналган консолдордо анда орнотулган оюндарды гана ойноого болот. Жалпысынан оюн консолдору дагы, бир топ эле ар тараптуу болгон жеке компүтерден жана башка керектөөчү электроникалардан айырмаланып "арналган (консол)" деп сүрөттөлөт. Sanders Associates компаниясынын инженери Ралф Х. Баер мекеменин башка кызматкерлери Билл Харрисон жана Билл Руш менен биргеликте өздөрүнүн сыналгы оюн технологиясын Magnavox аттуу заманбап ири сыналгы өндүрүүчү компанияга күбөлөндүрүп беришкен. Бул 1972-жылдагы Magnavox Odyssey консолунун жарыкка чыгышы менен жыйынтыкталган — ал эң биринчи жеткиликтүү коммерциялык видео оюн консолу болуп калган.

Game Boy (1989).

Чөнтөк оюн консолу — экран, оюн башкаруу, үн чыгаргыч орнотулган жеңил түзмөк. Стандарттык видео оюн консолуна караганда бир топ ыкчамыраак иштейт. Анда стол үстүндөгү жана чөнтөк электроника оюн түзмөктөрүнөн айырмаланып бир нече оюндарды ойногонго болот. Чөнтөк оюн консолдорунун теги 1970 жана 1980-жылдардагы стол үстүндөгү жана чөнтөк электроникалык оюн түзмөктөрүнө барып такалат. Mattel компаниясы 1977-жылы биринчи чөнтөк электрондук оюн, Авто жарышты (англ. Auto Race) киргизген. Кийинчерээк бир нече компаниялар, анын ичинде Coleco жана Milton Bradley, өздөрүнүн бир оюндук, жеңил стол үстүндөгү же чөнтөк электроникалык оюн түзмөктөрүн жасаган. Эң эски чөнтөк оюн консолу алмаштырууга мүмкүн болгон кассеталар менен чыккан 1979-жылдагы Милтон Брэдлинин Microvisionи болуп саналат. Nintendo 1989-жылдагы Game Boyду чыгаруу менен чөнтөк консол концепциясын жайылтканы менен таанылган. Ал чөнтөк консол базарында үстөмдүгүн улантып келүүдө.

Бестселлер оюн консолдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төмөнкү таблицадан видео оюн консолдору менен чөнтөк оюн консолдорун көрүүгө болот. Дүйнө жүзү боюнча керектөөчүлөр аркылуу же чекене базарлар аркылуу жок эле дегенде алардын 1 миллион даанасы сатылган. Эгер башкача көрсөтүлгөн эмес болсо, ар бир консол ар бир сатылган маалыматты камтыйт. Ал жердеги жылдар үй же чөнтөк оюн консолу алгачкы жолу качан жарыкка чыкканы менен туура келет. Ага сынама базарлар же тест маркеттер кирбейт. Ар бир жыл тиешелүү "видео оюн жылы" менен байланышы бар.

Арткы фондун караңгылатылганы базардагы азыркы муундагы консолдорду билдирет. Канжар глиф арналган консолдорду көрсөтөт. Кош канжар глиф гибрид оюн консолдорду туюнтат.

Atari, Microsoft, Nintendo, Sega же болбосо Sony деп белгиленген жабдык фирмалары тизмеде экиден ашык консолу бар; ал эми арткы фону ак болгондордо жок.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]