Бета-ажыроо

Википедия дан

Бета-ажыроо (β-ажыроо) – ядродон электрондордун же позитрондордун бөлүнүп чыгышы менен шартталган атомдук ядронун радиоактивдүү ажыроосу. Бета-ажыроонун үч түрү бар: 1-ажыроочу ядро электронду, 2–позитронду нурлантат, 3–ядрого жакын турган k -катмарынан электронду тартып алат (k-кармоо). Бета-ажыроонун схемасы:
AzX→Az+1+0-1e +v
Мында ядронун атомдук номери бирге жогорулап, массалык саны өзгөрбөйт. Ажыроодо ядронун заряды бирге чоңойгондуктан, жаңы пайда болгон элемент мезгилдүү системадан оң жакка бир клеткага жылат. Бета-ажыроодо ядродогу радиоактивдүү нейтрон өзүнөн өзү протонго айланып, электронду жана антинейтринону бөлүп чыгат. Бета-ажыроодо α-ажыроодогудай дүүлүккөн абалда болот. Дүүлүккөн түрдөн дүүлүкпөгөн түргө келгенде γ-нурланат. Мис.,

Ар бир топто өзүнчө белгилүү энергияга ээ болгон α-бөлүкчөлөрдөн айырмаланып, β-электрондор нөлдөн баштап максималдуу энергияга Еmax чейинки ар кандай энергияга ээ болот. Б.а-нун 2-түрү позитрондук ажыроо (β±ажыроо):

Схемада пайда болгон ядронун атомдук номери ажыроочу ядронукунан бирге кемдигин көрсөтүп, процессте позитрон менен нейтрино жана γ-нуру бөлүнүп чыгат. Позитрон электрондун, нейтрино антинейтринонун тескери бөлүкчөсү. β±а. процессинде ядродогу протон өзүнөн өзү нейтронго айланып, позитрон менен нейтринону нурлантат, б. а. . Б.-а-нун 3-түрүндө (k-кармоо же e-кармоо) ядро өзүнүн атомунун k-катмарындагы электрондордун бирин тартып алат, натыйжада протондордун бири нейтронго айланып, нейтринону бөлүп чыгарат: Пайда болгон дүүлүккөн ядро дүүлүкпөгөн абалга өтүп γ-фотонун нурлантат. Бул процесстин схемасы:

Мис.,

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]