Бехзад Кемаледдин
Көрүнүш
Кемаледдин Бехзад (ир. کمالالدین بهزاد; (1455 – 1535/36) – миниатюрачы, Герат миниатюра мектебинин ири өкүлү. Бул мектеп Иран, Индия жана Орто Азияда миниатюранын өсүшүнө зор таасир тийгизген: Саадини «Бустанына» (1488, Египеттеги улуттук китепкана, Каир), Низаминин «Хамсесине» (1490-жылдар, Лондон, Британ музейи) жана башка чыгармаларга карата тарткан Б-дин сүрөттөрү Чыгыш миниатюрасынын шедеври болуп саналат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004