Бешташ шаар чалдыбары

Википедия дан

Бешташ шаар чалдыбары – 10–12-кылымга таандык шаардын калдыгы. Талас районундагы, Бешташ капчыгайында жайгашкан. Археологиялык табылгалары боюнча Бешташ шаар чалдыбары 3кө бөлүнөт:
1-шаар чалдыбары Козучак айылынан 0,7 км түштүктө жайгашып, 120х165 м аянтты ээлейт. Дубалдын бийиктиги 3 м. Дубалдары мунара менен бекемделген. Түштүк-чыгыш жана түндүк-чыгыш жагында эки дарбаза курулган. Чыгыш бурчунда 36х50 м аянтта цитадель жайгашкан. Карапа сыныктары табылган.
2-шаар чалдыбары 2 бөлүктөн турат. Курчалган бөлүгү тик бурчтуу планда. Дарбазасы чыгыш бөлү-гүндө. Түштүк-чыгыш бөлүгүндө 10х12 м келген курулуштун изи билинет. Түндүк-батыш жагында тереңдиги 1,5 мге жеткен атайын казылган чуңкурлар бар. Алардын эмнеге кызмат кылганы белгисиз. Дубалдын түндүк жана түштүк сыртында аң казылган. Дубалдын түндүк жагында 60 мге созулган атайын жасалган тектирче жайгашкан. Андан карапалардын сыныктары табылган. Алар 1-шаар чалдыбарынан табылган материалдарга окшош.
3-шаар чалдыбары 2-шаар чалдыбарынан 12 км алыстыкта жайгашып, чарчы формадагы 2 бөлүктөн турат. Сырткы бөлүгү 45х45 м. Ички бөлүгү 25x25 м. Сырткы бөлүгүндөгү маданий катмар 0,4 м, ички бөлүгүндөгү 0,6 м. Дарбазанын ордун билүү мүмкүн эмес. Карапа сыныктары табылган.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.