Беш-Балык, шаар

Википедия дан
Беш-Балык.

Беш-Балык (түркчө «Беш шаар») – Чыгыш Түркстандагы орто кылымдарга таандык шаар. Азыркы Синьцзянь Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шарына жакын жайгашкан. Кытай даректеринде Бэйтин деген ат менен да белгилүү. 7-кылымдын 40-жылдары Чыгыш Түркстанда кытай аскер гарнизондору уюштурулуп, 658-жылдан Беш-Балык чөлкөмүндөгү Кытайдын коргонуу борборуна айланган, аны башкаруу кытай акимдерине, кээде түрк акимдерине тапшырылган.

Беш-Балык жана Аньси гарнизондору Түргөш кагандыгы-нын түштүк-чыгыш чектерине коркунуч келтирип турган. 714-жылы Кытай коменданты түрк урууларынын чабуулунун мизин майтарган. 8-кылымдын 2-жарымында Кочо, Карашаар жана Беш-Балык шаарлары Моңголиянын түндүгүндөгү Уйгур мамлекетинин протекторатына айланган. 788–89-жылдары тибеттиктер менен карлуктардын биргелешкен күчтөрүБейтинге чабуул коюшкан.

Андагы уйгурлар менен бирге алардын союздашы кытайлыктар шаарды таштап качышкан. 791-жылы күзүндө уйгурлар абалды оңдогонго аракет кылып, 60–70 миң аскерлерин жөнөткөн, ал жүрүш ийгиликсиз аяктаган жана Беш-Балык карлуктардын колунда калган. 840-жылы Уйгур кагандыгы кыргыздардын соккусунан кыйраган. Алардын Яглакар Пантегин баштаган бөлүгү Чыгыш Теңир-Тоонун этектерине көчүп келген.

Буку Чин башында турган уйгурлардын жигердүү тобу Беш-Балыкка бекем орноп, 866-жылы Турпанды басып алышкан жана тибеттиктерди кыйратып, аймакка толук кожоюндук кылышкан. Натыйжада, Чыгыш Теңир-Тоонун этегиндеги Кочо жана Беш-Балык шаары кайрадан түптөлгөн Уйгур мамлекетинин борбору болуп калган. 840-жылдан кийин уйгурлардын артынан түшкөн кыргыздар Аньсин жана Бэйтинге чабуул коюп, убактылуу ээлешкен. 982-жылы Кытайдын Сун сулалесинин элчиси Вань Янь-дэ Беш-Балыкта кабыл алынган жана шаар жөнүндө анын жазгандары сакталып калган.

Беш-Балык тууралуу автору белгисиз «Худуд ал-Ааламда» (982–983) жана Гардизинин «Зайн ал-ахбар» («Кабарлардын аземи») эмгегинде эскерилет. «Худуд ал-Ааламда» Тофкан (Теңир-Тоо) тоолорунан түндүктөгү Панжиканс шаары (Беш-Балыктын персче которулушу) эскерилет жана ал уйгур падышасынын жайкы резиденциясы экендиги көрсөтүлөт. Гардизинин кабары боюнча «тогуз гуздардын падышасынын» ордосу Арк (Карашаар) эсептелинген, ал эми Пенжикент (Беш-Балык) өлкөдөгү шаарлардын бири болгон.

Хакандар менен кан төгүлгөн салгылашуудан кийин Беш-Балыктан чыккан династия бийликти алган. 13-кылымда Беш-Балыкка Моңголиядан качкан уруулар, кийин моңголдор өздөрү келишкен. Моңголдордон кийин Беш-Балык Чагатай улусунун карамагында турган. Чагатай тукумдарынын ич ара согуштары да шаар турмушу үчүн тескери таасирин тийгизген жана 14-кылымда Беш-Балык өзүнүн жашоосун токтоткон.

15-кылымда Беш-Балык аймактын аты катары гана пайдаланылган. 14–15-кылымдарда Темирдин небереси Искендер Моголстанга кол салып, Алмалыктын жана Хотандын сулууларын, ошондой эле Беш-Балыктагы кыргыз чүрөктөрүн колго түшүрүп, чоң атасына тартууга жөнөткөндүгү айтылат. Демек, 14–15-кылымдарда кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоонун этектерин, башкача айтканда Беш-Балыктын айланасын байырлашкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]