Беш-Таш өрөөнү

Википедия дан

Беш-Таш өрөөнү - Талас Ала-Тоосунун түн. капталында. Беш-Таш суусун бойлой Беш-Таш ашуусунан (3578 м бийиктикте) түндүк-чыгышты карай 54 км ге созулуп жатат. Таманы деңиз деңгээлинен 1250—3500 м бийиктикте жайгашкан. Баш жагы менен ортоңку бөлүгү капчыгай сымал. Талас өрөөнүнө жакындаганда кеңейет да, түндүктү карай бурулат. Рельефи төмөн жагында адырлуу. Адырлардын этегинде Талас суусун карай акырындык менен эңкейиш тарткан түздүк жатат. Өрөөндүн көп бөлүгүнө орто бийиктиктеги тоолуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун акиташ жана доломит тектеринен түзүлгөн. Алар аскалуу тик беттерди түзөт. Баш жагында интрузия тектери да кездешет. Өрөөн аркылуу Беш-Таш суусу агат. Деңиз деңгээлинен 3008 м бийиктикте Беш-Таш көлү жайгашкан. Андан төмөнүрөөктө чакан кооз көлдөр бар. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы -0.-8°С, июлдуку 20—21°С. Бийиктеген сайын климаты өзгөрөт; температурасы төмөндөп, жаан-чачын көбөйөт. Жылдык жаан-чачыны 300—800 мм. Беш-Таш өрөөну ландшафтынын өтө ар түрдүүлүгү жана кооздугу менен өзгөчөлөнөт. Анда кылкан-бетегелүү тоолуу күңүрт-коңур топурактуу талаа зонасынан (1200—2200 м) баштап, доңузсырты, өлөң, түркүн чөптүү альп шалбаалары, мөңгү, түбөлүк карга чейинки ландшафт зоналары бар. 2000—2800 м бийиктикте көк карагай, карагай токойлору кезигет. Көк карагай Беш-Таш өрөөнүндө гана өсөт. Токой арасында четин, арча, кайың, жапайы алма, тал ж. б. бар. Өрөөндүн ооз тарабында Козучак, Балбал, Хивинка кыштактары жайгашкан. Өрөөн аркылуу Беш таш ашуусуна, андан Кетмен-Төбө өрөөнүнө автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]