Билим берүү мекемесинин уюмдаштыруучусу (Уюмдаштыруучулары)

Википедия дан

Билим берүү мекемесинин уюмдаштыруучусу (Уюмдаштыруучулары) – Билим берүү мекемесин түзүүчү жеке же юридикалык жактар.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык билим берүү мекемелеринин уюмдаштыруучулары: мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; ата мекендик жана чет өлкөлүк бирикмелер, ассоциациялар менен фонддор, ишканалар, мекемелер, уюмдар, жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр; негизги мектеп билиминин мамлекеттик билим стандарттарын сактаган шартта мамлекеттик эмес коомдук жана диний уюмдар болушу мүмкүн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,