Мазмунга өтүү

Биллди өлтүрүү: 2-бөлүк

Википедия — ачык энциклопедия
Биллди өлтүрүү: 2-бөлүк
РежиссеруКвентин Тарантино
ПродюсерБендер Лоренс
ЖазуучуКвентин Тарантино
ОператоруРоберт Бриж Ричардсон
НегизиндеКолукту
автору: Q&U
Тартылгандар
Музыкасы
РедакторуСалли Менке
СтудияA Band Apart
ЖайылтуучуMiramax Films
Чыккан жылы
  • апрель 16, 2004 (2004-04-16)
Узактыгы136 мүн.
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$30 млн
Киреше$152.2 млн

"Биллди өлтүрүү: 2-бөлүк" (англ. Kill Bill: Vol. 2, орус. Убить Билла. Фильм 2) - 2004-жылы Квентин Тарантино жазган жана тарткан америкалык таймаш искусствосу тасмасы. Тасмада турмушка чыгып жаткан колуктунун ролун аткарган Ума Турман зөөкүр киши өлтүргүч топтон (Лүси Лү, Майкл Мэдсен, Дэрил Ханна жана Вивика А. Фокс) жана өзүн жана төрөлө элек ымыркайын өлтүрүүгө аракет кылган киши өлтүргүчтөрдүн башчысы Биллден (Дэвид Кэррадин) өч алуусун улантат.

Тарантино "Биллди өлтүрүү" тасмасын аз бюджеттүү таймаш искусствосу тасмаларын, самурай тасмасы жанрын, кара түстүүлөр тасмаларын, "спагетти вестерн" жанрын камтыган "грайндхаус" тасмаларына болгон урмат-сый деп эсептейт. Бул тасма бир эле мезгилде тартылган "Биллди өлтүрүү" тасмасынын экинчи бөлүгү. Биринчи бөлүгү 2003-жылы жарык көргөн. Тасма башында бир эле бөлүк болуп чыкмак болгон. Бирок убакыты 4 сааттан ашып кеткендиктен тасма эки бөлүккө бөлүнгөн. Тасманын эки бөлүгүнө тең жылуу пикирлер айтылып, ийгиликтүү сатылган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]