Биографиялык циклдештирүү

Википедия дан

Биографиялык циклдештирүү — чыгарманын ар кыл окуяларынын башкы каармандын өмүр жолунун айланасына топтоштурулуп (көбүнчө туулганынан өлгөнүнө чейин), ал аркылуу өз ара тыгыз байланышта болуп, бир бүтүн чыгарма катары көрүнүшү. Элдик оозеки чыгармачылыкта эпостордун, башкача айтканда «Манастын» азыркы классикалык абалга жетишинде өтө узак жана татаал эволюциялык процесс болгон эпикалык циклдештирүүнун ролу зор. ''Манас'' эпосунун тарыхый жактан пайда болушу жана өнүгүшү жөнүндөгү маселени атайылап изилдеген фольклорчу [[Абдылдаев, Эсеналы|Э. Абдылдаев]] «байыркы элдердин эпикалык салты болуп келген ар түрдүү тематикадагы баатырдык жомоктор эволюциялык өнүгүүнүн белгилүү учурунда зарыл процесс катарында эпикалык циклизация принцибинде курулуп, «Манас» эпопеясынын жаралышын камсыз кылгандыгын» белгилейт. Эпикалык циклдештирүү өөрчүп, өмүр баяндык масштабы кеңип, генеалогиялык циклдешүүгө өтөт. Бул көрүнүш жеке эле ''Манас'' эпосуна таандык көрүнүш эмес. Баатырдык эпостордун алгачкы этабында алардын поэтикалык түзүлүшү негизинен өмүр баян (биография) формасында болот. Түрк-моңгол элдериндеги эпикалык салттардын өнүгүшүнүн алгачкы мезгилине мүнөздүү поэтикалык системанын структурасында эпикалык баатырлардын өмүр баяны эки бөлүктөн: туулгандан үйлөнгөнгө чейинки башынан кечирген окуялардан жана баатырдык иштерин сүрөттөөдөн турат. Б. а. көпчүлүк элдердин эпосторунун сюжеттик курулушун көркөм сүрөттөлгөн баатырдык өмүр баянсыз элестетүү кыйын. ''Манас'' эпосунун алгачкы өзөгү да ушул эле салттык көркөм системада, өмүр баян формасында болгондугу шексиз. ''Манас'' эпосунда сакталып калган көөнө (архаикалык) белгилер анын алгачкы поэтикалык системасынын түзүлүшүн төмөнкүчө элестетүүгө мүмкүндүк берет: эпикалык Манастын төрөлүшү, ат коюлушу жөнүндөгү салттык сюжеттердин системасы, баатырдык үйлөнүшү (Кыз Сайкал менен жекеме-жеке кармашуу аркылуу) жана мифтик жандыктар (жалгыз көздүү дөө, Макел, Мадыкан) менен күрөшүп, жеңиши. Минтип салттык структурага киргизилген түрдүү темадагы эпикалык окуялардын бир борб. каармандын айланасына топтолуу процесси коомдун өнүгүшүнүн белгилүү бир кырдаалындагы жалпы элдик идеологияны чагылдырат жана тарыхый конкреттүү окуяга тикеден-тике байланышат. ''Манас'' эпосунун эпикалык цикли жөн гана эпикалык окуялардын жыйындысы болбостон, кыргыз элинин тарыхынын урунттуу бир кырдаалында ошол учурдагы негизги идеологиялык — эстетикалык талапка ылайык жаралган мыйзам ченемдүү кубулуш. Орто Азия элдеринин орток эпикалык салттарынан болгон «Огуз-наме», «Коркут атанын китеби», «Көр уулу» сыяктуу чыгармалар да поэтикалык түзүлүштөрү боюнча ''Манас'' эпосу менен бирдей жалпылыкта турушат. «Манастын» композициялык структурасы эпикалык өмүр баян принцибинде курулгандыктан көптөгөн эпикалык окуялар борбордук каармандын ысымына байланыштырылып, тизмектелип, бир бүтүндүктү жаратып калган. Мындай типтеги баатырдык эпосторго генеалогиялык циклдештирүү принцибинде өнүгүү да мүнөздүү (Манас, анын уулу Семетей, небереси Сейтек жөнүндө чыгармалар, өзбектердеги Алпамыш, анын уулу Ядгар жөнүндө, Көруулунун асыранды уулдары Аваз менен Хасан, неберелери Нурали, Равшан жөнүндөгү элдик поэмалар жана башкалар).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4