Биополимерлер
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c6/Cellulose_strand-es.jpg/220px-Cellulose_strand-es.jpg)
Биополимерлер - бардык тирүү организмдердин структуралык негизин түзүүчү жана алардын жашоо тиричилигинде белгилүү роль аткаруучу жаратылыштагы жогорку молекулалуу бирикмелер.
Биополимерлерге белоктор, нуклеин кислоталары, полисахариддер, гли-копротеиддер, липопротеиддер, гликолипиддер ж. б. кирет. Нуклеин кислоталары клеткаларда генет., белоктор бир катар башкы функцияларды, полисахариддер структуралык, резервдик ж. б. иштерди аткарат. Булчуң белоктору хим. энергияны мех. ишке айландырып, организмдин кыймыл-аракетин камсыз кылат. Биополимерлерди изилдөө методдоруна рентген-структура-лык анализ, электрондук микроскопия ж. б. кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.