Биринчи жардам

Википедия дан
Эл аралык биринчи жардам берүнүн белгиси.

Биринчи жардам — кырсыкка учураганда, капысынан кармаган ооруларда кырсык болгон жерге медициналык кызматкер келгенче же дарылоо мекемесине жеткиргенче кишинин өмүрүн сактоо максатында токтоосуз көрүлүүчү жардам. Мисалы, жарадар болгондо өзүн-өзү таңуу, кусуп, карынды тазалоо.[1]

Кишинин өмүрүнө коркунучтуу абалдарда кома, кан агуу, уулануу, сууга чөгүү, шок, электр травмасы жана башкаларда тезинен биринчи жардам көрсөтүү өтө зарыл. Биринчи жардам өз убагында жана туура көрсөтүлсө, андан аркы медициналык жардам натыйжалуу болот. Мисалы, сөөктүн ачык сыныгында тез жана туура таңып жана шакшактоо түрдүү кабылдоолордон (шок, инфекция жана башка), оорулуу эстен танып калган да капталынан жаткыруу, кекиртек менен бронхко кусунду жана кан кирип тумчугуп калуудан сактайт. Биринчи жардам көрсөтүү каражаттарын тандоо жана аларды пайдаланууда оорунун же жабыркоонун мүнөзүн эске алыш керек.

Сыныкта, сөөк муундан чыкканда, тарамыш чоюлуп же үзүлүп калганда кол-бутту кыймылсыз абалга келтирип, таңуу өтө маанилүү (кар.: Иммобилизация). Эгерде сөөк сынбай, тарамышы эле чоюлуп же үзүлүп калса, тактай, бутак, картон жана башка нерселерди пайдаланып, тайпы, жоолук, кур, чүпүрөк айрыгы менен байлап таңса болот. Көзгө бир нерсе түшкөндө, көз жабыркаганда көздү кир кол менен сүрүп инфекция түшүрбөй, таза бет аарчы менен сүртүү керек. Оорулуу капысынан эстен танганда капталынан же чалкасынан жаткырып, башын капталын карай буруп туруп, кийминин топчусун чечип, терезени ачып, мекенди желдетүү зарыл.

Биринчи жардамдын чаралары 3 топко бөлүнөт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Сырткы жабыркатуучу фактордун таасирин (электр тогунан ажыратуу, басып калган нерселерден бошотуу) тезинен токтотуу же жабыркатуучу чөйрөдөн (суудан, өрттөнүп жаткан жерден жана башкадан) алып чыгуу.

2. Жабыркоонун мүнөзүнө жараша биричи жардам көрсөтүү (кар.: Сөөктүн муундан чыгышы, Сыныктар, Уулануу, Эстен тануу, Жара, Жараат, Күйүк, Үшүк алуу, Сууга чөгүү).

3. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн жакын оорукана, поликлиника, фельдшер пункту, аптекага кайрылуу же жеткирүү.

Медициналык тез жардам чакырыла турган учурлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Транспорт кырсыктарынан оор жабыркаганда, электр тогу урганда, чагылган тийгенде, күн өткөндө, ууланганда жана сууга чөккөндө, ошондой эле катуу ооруларда, төрөттө жана башка учурларда медициналык тез жардам чакырылат. Медициналык жардам ошол жерде гана эмес жолдо, тагыраак айтканда, транспорттун ичинде да берилет. Мындай кечиктирилгис жардамды атайын аспаптары бар тез жардам машинасы (же самолёт) менен келген дарыгер гана бере алат. Мындай атайын транспорт жокто оорулууну же жабыркаган кишини жеткирүү үчүн башка транспорт ылайыкталат, мисалы, жүк ташуучу машинанын кузовуна чөп же саман төшөп, үстүнө замбил коюлат. Оорулууну замбилге жаткырып же отургучка отургузуп, ошондой эле эки киши колду кайчылаштырып көтөрүп жеткирсе да болот. Жараатта биринчи жардам көрсөтүү үчүн биринчиден жарааттын жогору жагын катуу таңып, андан кийин сөзсүз хирург жардам көрсөтүү үчүн жакынкы медициналык мекемеге жеткирип, селеймеге жана кутурмага каршы эмдөө жасалат.

Биринчи жардам уйрөтүү курсунда.

Үйдө, ишканаларда жана туристтик жүрүштө медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечкалардын болгону максатка ылайык. Кырсыкка чалдыкканда, ууланганда, үшүк алганда же күйгөндө, сууга чөккөндө, кекиртек шишигенде, дем алуу органына бөтөн нерсе тыгылып калганда, электр травмасында да дем кыстыгып, клиникалык өлүмгө алып келет. Бул учурда кишинин ар кандай органынын жана ткандарынын негизги тиричилик функциясын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн. Кишини тирилтүүдө жасалма дем алдыруу, жүрөктү туура укалоо зарыл.

Биринчи жардамды кеңири жайылткан уюмдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдардын спорт мектебинин машыктыргычын, шофёрду жана ГАИнин кызматкерлерин биринчи жардам берүүгө үйрөтүү кырсыктардын азайышына шарт түзөт. ДОСААФтын Кызыл Крест жана Кызыл жарым ай коомдору жана граждандык коргонуу биринчи жардамды кеңири жайылтат жана түшүндүрмө берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Биринчи жардам Первая помощь

  1. Биринчи чейинки жардам. Текшерилген күнү 20 -февраль (бирдин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 27 -февраль (бирдин айы) 2021.