Битир
Битир — орозону жыйынтыктоо учурунда ар бир мусулман пендеси бере турган садага. Куран боюнча битир берүү мусулмандардын ыйык милдеттеринин бири. Орозо кармаганына же кармабагандыгына карабастан, мусулман үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн битир орозо айтка чейин төлөнгөн. Анын өлчөмү (4 кадак буудайдын баасы, башкача айтканда 1 кг 610 г) жыл сайын буудайдын баасына жараша жергиликтүү мечит тарабынан белгиленет. Битирдин эсебинен негизинен колунда жок жакыр, жетим-жесир жана багар-көрөрү жок адамдарга жардам берилет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
![]() |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|