Мазмунга өтүү

Бишкек ЖЭБи

Википедия — ачык энциклопедия
Бишкек ЖЭБ
Өлкө

 Кыргызстан

Жайгашкан жери

Бишкек

Менчик ээси

«Электр станциялар» ААК

Макамы

иш үстүндө

Курулуп башталган жылы

1958-жыл

Агрегаттарды ишке берүү жылдары

1960-1962 жж.

Ишке берилген

14-сентябрь 1961-жыл

Иштеткен мекеме

«Электр станциялар» ААК

Негизги мүнөздөмөсү
Жылдык электр энергиясын өндүрүү

812 млн кВт/саат

Жылдык жылуулук энергиясын өндүрүү, миң ГКал

1294,2 ГКал

Эсептелген кысымы, м

100-140 кг/см2

Жабдуулардын мүнөздөмөсү
Негизги отуну

таш көмүр, мазут, жаратылыш газы

Резервдик отуну

күрөң көмүр

От казандары

9

Негизги курулуштары
Бөлүштүрмө түзмөгү

125 кВ, 180 кВ, 250 кВ

Кошумча маалыматтар
Сайт

energo-es.kg

Бишкек ЖЭБ Викиказынада

Бишкек ЖЭБ (мурдагы Фрунзе [1] ) — Бишкек шаарында жайгашкан Кыргызстандан эң ири жылуулук электр борбору. «Электр станциялары» ААКнун курамына кирет.

ЖЭБдин директору Курманбеков Нургазы Улукбекович.

Камволдук-нооту комбинатын [2] электр кубаты менен камсыз кылуу үчүн электр станциясын куруу боюнча негизги иштер 1958-жылы башталып, 1961-жылынын 14 сентябрында 25 МВт кубаттуулуктагы электростанциянын биринчи турбоагрегаты ишке берилген[3].

1960-жылы станциянын кубаттуулугун 200 миң кВт чейин көбөйтүү, ал эми 1962-жылы электр кубаттуулугун эки эсе көбөйтүү туралуу чечими кабыл алынган[4].

ЖЭБди модернизациялоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылдын 16-июлунда «Электр станциялар» ААК менен кытайлык «ТВЕА» компанияларынын ортосунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү келишимге кол коюлган.

Чүй проспектисинен көрүнүшү

ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык №1-8 отказандарын, №1-4 турбоагрегаттарын демонтаждалган жана жалпы кубаттуулугу 300 МВт жана 300 Гкал/саат болгон HG-710/13.8-YN20 түрүндөгү эки отказан жана С-150-12,8/555/0,5 эки турбоагрегат модернизациянын жүрүшүндө орнотулган.

Заманбап, жогорку технологиялуу жана экологиялык жактан таза жабдууларды орноткондон кийин Бишкек ЖЭБ дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүү пландаштырылган.

Реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин Бишкек ЖЭБинин отказандары Кыргызстанда казылып алынган көмүр менен иштеп 812 МВт электр кубаттын иштеп чыгары айтылган. Бул модернизациялоого чейинкиден эки эсе көп.

Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөзүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Отун-энергетика комплексинин объектилеринин ишенимдүү, туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылууга багытталган Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү саясатын жүргүзүү үчүн борбордун мэриясынын түзүмүндө атайын Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлгөн[5].

Департамент Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында[6], Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 303 токтомунун негизинде түзүлгөн[7], ага ылайык  Бишкек шаарынын мэриясына муниципалитеттин түзүмүнө шаардын отун-энергетикалык комплексинин ишин уюштуруучу мекеме болгон ишкананы түзүү тапшырылган[5].

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин бул токтому менен «Электр станциялары» ААКнын Бишкек шаарынын ЖЭБ жана «Бишкекжылуулук» ААК филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетика комплекси департаментине Бишкек шаарынын жылуулук, газ жана электр менен жабдуу тармактарын эксплуатациялоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды координациялоо жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилген[5].

Техникалык мүнөздөмөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Станциянын орнотулган электр кубаттуулугу 666 МВт, жылуулук кубаттуулугу – 1443,9 Гкал/саат [2] . ЖЭБде кубаттуулугу 60 МВтдан 150 МВт чейин 9 турбоагрегат коюлган[8] .

Караганды таш көмүр кенинде казылган катардагы жана промпродукт маркалары, ЖЭБдин кезектеги III казандары үчүн долбоордук отун катары кабыл алынган, кезектеги IV жана V казандары үчүн - Карагандынын 75% жана Таш-Көмүрдүн 25% көмүрүнүн аралашмалары. Кабак бассейнинин Б3 маркасындагы күрөң көмүр YG-710/13,8-YN20 казандары үчүн долбоордук отун катары кабыл алынган.

Ошондой эле, Д маркасындагы Шубаркүл кен чыккан жеринин таш көмүрү жана Кабак бассейнинин күрөң көмүрүн жагуу өздөштүрүлдү. Газ жана мазут тамызгы отун катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • И.Г. Гришков. Электрификация советского Киргизстана. — Фрунзе: Илим, 1965. — 120 с.
  1. ↑ Гришков, 1965
  2. 1 2 ТЭЦ г. Бишкек. ОАО «Электрические станции» (26 -май (бугу) 2014). Текшерилген күнү 21 -сентябрь (аяк оона) 2015.
  3. ↑ Роза Отунбаева приняла участие в торжественном собрании, посвященном 50-летию со дня ввода в эксплуатацию ТЭЦ г. Бишкек. Vesti.kg (14 -сентябрь (аяк оона) 2011). Текшерилген күнү 23 -сентябрь (аяк оона) 2015.
  4. ↑ ОАО Электрические станции
  5. 1 2 3 Бишкек шаарынын мэриясы. Мэриянын түзүмүндө жаңы муниципалдык мекеме ачылды
  6. ↑ Кыргыз Ресрубликасынын 2024-жылдын 3-апрели ПЖ № 89 «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыгы
  7. ↑ Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2024-жылдын 7-июну № 303 «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун Бишкек шаарынын ЖЭБи жана «Бишкекжылуулуктармагы» филиалдарынын мүлктүк комплекстерин Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө токтому
  8. ↑ Электроэнергетика Кыргызской Республики. Исполнительный комитет Электроэнергетического Совета СНГ. Текшерилген күнү 21 -сентябрь (аяк оона) 2015.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]