Бозбала

Википедия дан

Бозбала"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Коңурбайдын жылкычыларынын кичүүсү. Түшүндө Семетейди көргөнүн айтып, Карагулдан таяк жейт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 168—171). Курама вариантыда от жаккыч Б-ны жаман түш көрөсүң деп Карагул сабатып өлтүрөт (Курама варианты, «Семетей», 253 — 254).

2. Бозбала — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Кыястын жылкычыларынын кичүүсү, от жакчусу, Күлчоронун досу. Кордукта жүргөн Күлчорого жан тартып, Сейтектин төрөлгөнүн, анын элге кайрымдуу адам болуп чоңоюп келатканын айтып берет Айчүрөккө жолукмак болуп Карагулдан мөөнөт сураганы үчүн жылкычыларга сабатканда Күлчорону арачалап калат. Күлчоро менен кошо келген Сейтек Карагулду өлтүрүп салганда, элди күтүп алуучу ээси келиптир, — деп сүйүнүп той берет (Курама варианты, «Сейтек», 68—70, 83 — 84).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4