Бозжигит Турдубаев
Бозжигит Турдубаев — 1937–1960-жылдардын аралыгында ошол кездеги Фрунзе облусунда (азыркы Чүй облусу) Сокулук, Москва жана Жайыл райондорунда белгилүү колхоз жетекчиси.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эмгек жолун 1937-жылы колхоздо ферма башчысы жана бригадир болуп баштаган. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда майданга аттанып, 1944-жылдын башына чейин жигердүү салгылашкан. Согуштагы эрдиги үчүн биринчи даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир катар медалдар менен сыйланган. 1943-жылы Курск салгылашуусу учурунда көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз орденине көрсөтүлгөн.
Согуштан кийин мурда иштеген колхозуна кайтып келип, 20 жыл бою колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Эмгектеги жетишкендиктери үчүн «Даңк» ордени, бир катар медалдар, ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун жана областтык Советтин Ардак грамоталары менен сыйланган.