Боз Мойнок
Көрүнүш
Боз Мойнок — топоним. Семетей менен Бакайдын Жакып канга жолукканында:
Ээй кагылайын кулунум,
Ушу жаткан Боз-Мойнок,
Боз-Мойнокту көргөндө
Көңүлүм кетет көп ойноп (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 240),— деп Бакай мурда жердеп, оюн куруп жүргөн Б.-М. жерин көргөндө кубанып толкунданат. Эпос боюнча Б.-М. Талас чөлкөмүндө жайгашкан бел.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4