Боз жалпак ойдуңу

Википедия дан

Боз жалпак ойдуңу — Борбордук Тянь-Шанда. Түндүгүнөн Боз-Жалпак тоосу, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги менен курчалган. Уздугу 21 км, туурасы 4 км. Бийиктиги 3300—3800 м. Боз-Жалпак тоосунун түш. капталындагы тектон. жараканын төмөн чөгүшүнөн пайда болгон.

Өрөөнгө б. муз каптоодон пайда болгон дөңсөөлүү рельеф мүнөздүү.
Боз-Жалпак суусун бойлой тик кашаттуу тектирлер жатат. Жогорку олигоңен менен миоңен- дин кызыл түстүү чопосу, кум, шагыл, гипс, миробилит жана антропогенде пайда болгон тектерден түзүлгөн. Ойдуң аркылуу Боз-Жалпак суусу агат. Шыбактуу доңуз сырт, доңуз сырт жана шыбактуу бетеге өсүмдүктөрү басымдуу. Алыскы жайыт.

Колдонулганадабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]