Болот Шер 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка кыштагында жарык дүйнөгө келген.
1988-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин Фрунзедеги атайын милиция мектебин бүтүргөн.
1977-1979-жылдары СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
1982-1991-жылдары Кыргыз ССРинин ИИМинин милиция органдарында кызмат кылган.
1994-жылы Талас облусунун Манас райондук эл депутаттарынын Үч-Коргон айылдык кеңешине депутат болгон.
2000-жылдын февралында II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган.
2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин Жаштар иши, спорт, туризм, коомдук бирикмелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча комитетин жетектеген.
2005-жылы Талас шайлоо округу боюнча III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүндө ички иштер министри кызматын аркалаган.
2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен кайра аттестациялоо тартибинде "генерал-лейтенант" наамы ыйгарылган.
2011-жылы КРнын Президентинин Жарлыгы менен III даражадагы мамлекеттик жогорку "Манас" ордени менен сыйланган. Болот Шер мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Эл аралык “Көк-Бөрү” федерациясынын негиздөөчүсү.