Борончиев Ысмайыл

Википедия дан

Борончиев Ысмайыл (1910–1978) - төкмө акын.

Ысмайыл Борончиев 1910-жылы Чүй районуна караштуу Алчалуу колхозунда жарык дуйноого келген .
Ы.Борончиев 1929-жылы биринчилерден болуп колхозго кирет. Ошол мезгилде анын ырлары кеңири тарап,
1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына алынып, «Биринчи беш жылдык» деген ыры басма сөздө жарыяланат. Ысмайылдын курч айтыш ырлары кесиптеш курбусу, төкмө ырчы Токтоналы Шабданбаев менен бирге эл арасында ырдап жүргөн кезинде жаралган.
1949-жылы акындын «Ырлар жыйнагы» аттуу эскерүү китеби,
1973-жылы орус тилинде «Красный ток» китеби чыккан.
1958-жылы «Кыргыз Эл артисти» деген наам алган.
СССР маданиятынын отличниги.

Советтик Кыргызстандын искусствосу менен адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн Ы.Борончиев «Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Фрунзе шаардык Эл депутаттарынын V–VII чакырылышына депутат болуп шайланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Шамбет.– Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 46 б.

Ырлар жыйнагы. –Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 53 б.

Кызыл кырман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 48 б.

Шамбет: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 106 б.

Айтыштар. – (Т.Шабданбаев менен бирге) – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 132 б.

Менин сөзүм: Өспүрүм балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1965. – 108 б.

Ырчынын өмүрү. – Ф.: Мектеп, 1969. – 131 б.

Кызыл кырман: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 112 б.

Бакыт булагы: Ырлар жана дастан. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 148 б.

Мекеним: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 264 б.

Орус тилинде

Красный ток: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 112 с.