Бороончу

Википедия дан

Бороончу Манас эпосунун каарманы, кытай кандарынын бири, баатыр. Эпосто көбүнчө «Кара жалдуу Бороончу» деген туруктуу эпитет менен айтылат да, кытай кандарынын катарында такай эскерилет. Көкөтөйдүн ашында эр сайышка кытайлар тараптан Коңурбай чыгарын Кошойго Б. билдирет (Сагымбай Орозбаков, 3. 238). Чалгынга барган Алмамбет менен Сыргак кытайлардын жылкысын тийип алгандагы кагылышта Алмамбет, Чубак менен найзалашкан (Сагымбай Орозбаков, 4. 302—304), Чоң казаттагы согушта Манас менен бетме-бет келип найза сайышууга кудурети жеткен чоң баатыр (Сагымбай Орозбаков, 4. 333). Саякбай Каралаевдин вариантында Жолой менен Нескарага көп кол берип, Эсенкан экинчи жолу Манаска жибергендеги согушта Кутубийдин найзасынан өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 140).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4