Босого капчыгай

Википедия дан

Босого капчыгай - Ат-Башы өрөөнүнүн чыгышында. Ат-Башы кырка тоосунун чыгыш бөлүгү менен Нарын кырка тоосунун кошулган жериндеги кууш жана кооз капчыгай.

Уз. 4 км. Дециз децг. бийикт. 2600 ж. Таманы кууш, 100—150 ж, айрым жерлерде 30—50 ж. Капчыгай тектон. терең жаракадан жана суу эрозиясынан пайда болгон. Капталдары көбүнчө тик. Суу бойлой эни 50 жге жеткен кууш тектирлер созулуп жатат. Суудан 50 ж бийиктикте капчыгайдын кырлары үстү тегиз тектирге айланат. Өрөөндүн туурасы Босого кыш. тушта 400 жге чейин кеңеет. Ичке-Камандынын чатынан жогорураак Ат-Башы.

өрөөнү башталат. Капчыгай аркылуу Ат-Башы суусу агат. Б. к. токой-шалбаалуу талаа зонасында жатат. Капчыгай ичи карагай токойлуу (айрыкча сол каптал). Карагайга аралаш арча, четин, шилби, ит мурун, жапайы кызыл карагат, бљрњ карагат, ыргай ж. б. бадалдар кезигет.

Капчыгайдын этеги дан сымал түркөн чөптүү талаа ландшафтуу. Б. к. аркылуу Ат-Башы өрөөнүн Ак-Сай сырттары менен байланыштырган авт. жолу өтөт. Капчыгайда пионер лагери, токой чарбасы бар.