Брандыс Анатолий Яковлевич

Википедия дан

Брандыс Анатолий Яковлевич (12. 8. 1923-ж. т., Нижнеднепровск) - эки жолу Советтик Союздун Баатыры (23. 2. жана 29. 6. 1945), полковник (1956), аскер илимдин кандидаты.

1944-жылдан КПССтин мүчөсү. 1941-ж. июнда Советтик Армияга чакырылат. Аскер-авиац. учкучтар мектебин (1943) бүтүрөт. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда учкучтан 75-гвардиялык штурмалоочу авиаполктун эскадрильясынын командирине чейин көтөрүлгөн.

Брандыс душманга каршы 228-жолу учкан. Согуштан кийип Аскердик-аба академиясын (1950), Ген штабдын академиясын (1959) бүтүргөн. Брандыс Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, 1-дараж.

Ата Мекендик Согуш, Александр Невский, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.