Буденный Семен Михайлович

Википедия дан

Буденный Семен Михайлович (13 (25). 4. 1883, Козюрин хутору, азыркы Ростов обл. Пролетарск району, - 26. 10. 1973, Москва) - советтик аскер жана мамлекеттик ишмер, Граждандык согуштун баатыры, Советтик Союзунун маршалы (1935), үч жолу Советтер Союзунун Баатыры (1958, 1963, 1968).

  • 1919-жылдан КПССтин мүчөсү. Кедей-дыйкан үй-бүлөсүндө туулган.
  • 1903-жылдан армияда. Орус-жапон согушунда (1904-1905) жана Биринчи дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Георгий крести менен сыйланган.
  • Улуу Октябрь революциясынан кийин Дон-до Сальский округдук аткомунун мүчөлүгүнө шайланат.
  • 1918-ж. ак гвар-диячыларга каршы атчандар отрядын уюштурган; отряд көбөйүп полкко, бригадага, анан дивизияга чейин жеткен.
  • 1919-ж. июида Буденныйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, ноябрда 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия Жарандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойноду.
  • 1921-23-ж. Революциячыл аскер советинин мүчөсү, анан Түндүк Кавказ аскер округунун коман-дачысына орунбасар, Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеди, натыйжада жылкынын жаңы породалары (будённый жылкысы жана терек жылкысы) чыгарылды.
  • 1923-жылдан Буденный Кызыл Армиянын Баш командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер советинин мүчөсү.
  • 1924-37-ж. РККАнын атчан аскер инспектору.

1932-ж. М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн.

  • 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер советинин мүчөсү, 1939- 40-ж. коргоо эл комиссарынын орун басары. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын составында, Ставканын резерв армияларынын аскер тооторунун командачысы жана бир катар фронттун командачысы.
  • 1943-ж. январдан Советтик Армиянын атчан аскерлеринин командачысы жана СССР Куралдуу министерствосунун Жогорку аскердик советинин мүчөсү; 1947-53-ж. айыл чарба министринин жылкы чарбасы боюнча орун басары, 1953-54-ж. атчан аскер инспектору.
  • 1920-жылдан ББАКтын, 1922-жылдан СССР БАКтын мүчөсү, СССР Жогорку Советинин (1-8-шайл. ) депутаты, 1938-жылдан СССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү.
  • 1934-жылдан ВКП (б) БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1939-жылдан БКнын мүчөсү, 1952-жылдан КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат.

Жети Ленин ордени, 6 Кызыл Туу, 1-дараж. Суворов ордени, Азерб. ССРинин Эмгек Кызыл Туу, Өзбек ССРинин Эмгек Кызыл Туу ордени, МЭРдин ордендери, Кызыл Туу ордендүү аскердик алтын курал, Кызыл Туу ордендүү революциялык ардактуу тапанча, СССРдин герби түшүрүлгөн ардактуу курал-кылыч жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.