Буракан тоосу

Википедия дан

Буракан тоосуТескей Ала-Тоонун түндүк тармагы, Ак-суу жана Жерге сууларынын аралыгында. Түндүктүндүк чыгыштан түштүк- түштүк-батышка 23–25 кмге сымал созулуп жатат. Туурасы 5 – 6 км. Орточо бийиктиги 3500–4000 м, эң бийик жери 4716 м (Таштанбек төрбашы чокусу). Тоонун кыры аска-зоокалуу, ири мөңгүлөр бар. Капталдары тик,терең капчыгайлар жана кокту-колоттор көп. Тоонун түштүк (бийик) бөлүгү төмөнкү рифейдин габброди орит, түндүк (жапыз) бөлүгү ордов иктин гранит,гранитди оритин трузия тектеринен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа (1200 – 2300 м бийиктикте), бийик чөптүү шалбаалуу карагай токою (2300 –3000 м), субальп жана альп шалбаасы,шалбаалуу талаа (3000–3 300 м), андан жогору субнивалдык жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.

Клодонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]