Жергез, суусу
Көрүнүш
Жергез суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 30 км |
| бассейндин аянты | 187 км² |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Ысык-Көл облусу |
| Район | Ак-Суу району |
Жергез суусу — Ак-Суу районундагы суу, Ысык-Көлдүн алабында. Тескей Ала-Тоонун түндүк-батыш капталынан башталат. Узундугу 30 км, алабынын аянты 187 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3260 м. Алабында 8 майда көл бар. Мөңгүдөн башталып, ортоңку бөлүгү карагайлуу кокту аркылуу агып, өрөөнгө чыгат. 10 куймасы бар.
Жылдык орточо чыгымы 2 м3/сек, эң көбү май–июнда, эң азы январь–февралда байкалат. Өрөөнү жайыт. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Чоң-Жергез, Жергез жана башка кыштактар жайгашкан.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2